Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 19.07.2019 09:26

Ошто сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерге эскертүү белгилери орнотулду

Turmush -  Ош шаарынын аймагында сууга түшүүгө тыюу салган 300 эскертүү белгилери орнотулду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

17-июль күнү Ош шаарынын аймагында бирдиктүү алдын алуу иш-чаралары өткөрүлгөн. Анын алкагында тургундарга кылмыштарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жана сууга түшүү кооптуу болгон жерлерде сууга түшпөө керек экени айтылып, эскертүү белгилери орнотулган.

Белгилер Ак-Буура дарыясынын жээгине, калк жыш жайгашкан аймактарда, бассейндерге орнотулган. Анда өспүрүм балдарды жалгыз сууга түшүүгө жибербей, аларды көзөмөлдөп туруу керектиги жазылган. Иш-чара Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо, Ак-Буура милиция бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте уюштурулган.

«Ош ШИИБдин өздүк курамы кылмыштуулукту алдын алууга багытталган ар тараптуу иш-чараларды өткөрүп, коомчулук менен жолугуп, шаардын ар бир көчөсүндө, дүкөн менен базарларында, коомдук жайларда кылмыштуулукту алдын алуу үчүн эмнелерди билүү керектигин айтып беришти. Коомдук унааларда, соода түйүндөрдөгү жана батирлердеги уурулуктарды алдын алуу, алдамчылык менен алектенген шылуундардан сактануу сыяктуу суроолорго жооп беришип, эскертүү баракчаларын таратышты», - деп айтылат Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×