Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 18.07.2019 16:08

«Өлтүрүп коёбуз»: Араванда майып адамды сабап кетишти

Turmush -  Араван районунун Гүлбаар айылында иштеп жүргөн Ош шаарынын тургунун жергиликтүү эки жигит сабап кетишти. Бул тууралуу сабалган А.С.нын бир тууган агасы Рустам Султанов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, инисинин эки көзү көгөргөн.

«Инимдин акылы кем. Бирок жумушту жакшы жасайт. Дайыма Гүлбаар айылына барып, көңүлүнө жаккан адамдын жумуштарын жасап, каражат таап жүрөт. Аны айылдын баары тааныйт. Өзү Ош шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгынын Тээке айылында жашайт.

16-июль күнү араба түртүп жүрсө айылдагы 2 бала унаасына салып, айылдын четине алып барып ур-токмокко алышыптыр. "Ушуну менен жогол, болбосо өлтүрүп коёбуз" деп катуу коркутушуптур. Бети-башы көгөрүп, шишип турса да ооруган жок деп эч нерсе айтпай жатат. Иним сабалган күнү эси ооп, Тээке айылындагы каналдын жээгинде жатып калган окшойт. Эртеси издеп чыксам эсине келип, үйгө келе жаткан экен», - деди Рустам Султанов.

Ал инисинин абалын көрүп, аны Ош шаардык ооруканасына алып барган. Р.Султановдун айтымында, дарыгерлер А.С.ны ооруканага дароо жаткырышкан эмес.

«Инимди Ош шаарындагы жаңы ачылган ооруканага алып баргам. Ал 2-топтогу майып. Ооруканага барсак, кабылдамадагы дарыгер инимди көрүп, "томографияга түшүрүп кел, башына кан уюп калса операция жасайбыз, болбосо үйдөн дарылансын" деп койду. Томографияга түшүрүп, түнкү саат экиде кайра ооруканага алып барып жаткыргыла десем, башын көрүп, эртең эле келиңиз деп кайра жөнөтүп коюшту», - деди Р.Султанов.

Ал эми Ош шаардык ооруканасынын маалыматына караганда, А.С. кечээ, 17-июлда каттоо китепчесине катталган. Бирок нейрохирургия бөлүмүндө бош орун жок болгондуктан жаткырылган эмес.

«Учурда ооруканага оор жаракат алгандар гана жаткырылып, жеңил жаракат алгандар үйүнөн дарыланууда», - деп билдиришти ооруканадан.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан 1977-жылы туулган жарандын сабалганы боюнча ооруканадан маалымат түшкөнүн билдиришти. Аталган окуя кылмыштарды каттоо китепчесине катталган. Бүгүнкү күндө жабырлануучу сабалганы боюнча арыз жаза электигин Ош ОИИБден билдиришти.

Сабалган А.С.

Житель села Тээке Азизбек

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×