Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 17.07.2019 20:00 На русском

Ошто «Мерседестин» айдоочулары балдарга жана карыяларга жардам беришти

Turmush -  12-июль күнү Ош шаарында «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаалардын айдоочулары «Боорукердик» үйүнө кайрымдуулук кылышты. Бул тууралуу айдоочу Айбек Жолдошев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, «Мерседес Бенц» унаасынын айдоочулары 2 айда бир жолу чогулуп турушат. Алар каражат топтоп, Ош шаарындагы балдар жана карылар үйүнө азык-түлүк алып беришет.

«Боорукердик» үйүнүн жетекчиси Бермет Токтосунова учурда аталган жайда 4 жаштан 16 жашка чейинки 30 бала, 70 жаштан 95 жашка чейинки 30 карыя жашап жатканын билдирди.

«Биздин үй 60 орундуу. Кайрымдуулук кылгандар көп болот, бирок туруктуу эмес. Көбүнчө жаз, жай мезгилдеринде келишет. Алар азык-түлүк алып беришет», - деди Б.Токтосунова.

Turmush басылмасы буга чейин Ош шаарында «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаалардын айдоочулары чогулушканын жазган.

«Биз достукту, биримдикти чыңдоо максатында чогулуп, сүйлөшүп турабыз. Шаардын ичинде жол кыймылын үзгүлтүккө учуратпай, атайын шаардын четине топтолобуз. Учурда катарыбызга жаштар кошулууда. Келечекте фонд түзүп, акча каражаттарын топтоп, кайрымдуулук иштерине жумшоону пландап жатабыз», - деген айдоочу Айбек Жолдошев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×