Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 16.07.2019 10:51

Ош шаарынын Шакиров көчөсү 4 айга жабылат

А.Шакиров көчөсүн убактылуу жабуу схемасы
А.Шакиров көчөсүн убактылуу жабуу схемасы

Turmush -  Ош шаарынын А.Шакиров көчөсү 4 айга убактылуу жабылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда. А.Шакиров көчөсүнүн 2 км 400 метр тилкесине асфальт төшөлүп, жол 20 метрге чейин кеңейтилет. Эки тарабына тротуар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулат. Ошондой эле дарактар отургузулуп, көрктөңдүрүлөт жана жарыктандыруу системасы жакшыртылат.

Курулуш иштери 13-июлда башталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×