Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 13.07.2019 22:26 На русском

Ошто атайын даярдыктагы отряддын кызматкерлери кармаган жигит андан мурда башка адамдарды сабаган. Видео

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  

Кечээ, 12-июлда Ош шаарындагы «Келечек» базарынын жанында «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаадан белгисиз жигитти атайын даярдыктагы отряддын кызматкерлери колго түшүрүп жатканда тартылган видео коомчулукка тараган. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аталган окуянын чоо-жайын такташтырды.

Ош ШИИБдин маалыматына караганда, кармалган жигит Ош шаарынын 1995-жылы туулган тургуну А.Д. Ал 10-июлдан 11-июлга караган түнү саат 01:00 чамасында Ош шаарындагы ири гипермаркеттин алдында анда кызматын өтөп жаткан коргоо агенттигинин кызматкеринин аброюна себепсиз шек келтирген сөздөрдү айтып, токмоктогон. Андан сырткары коргоо агенттигине таандык 10 миӊ сомдук байланыш каражаттарын талкалап салган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барып, коргоо агенттигинин кызматкерине кол салган адамдарды аныкташкан. Алардын бири жогоруда белгиленген А.Д. аттуу жигит ар дайым кылмыш чөйрөсүндөгү адамдар менен жакындан мамиле түзүп жүргөндүгү, мурда оор кылмыш менен соттолуп чыккандыгы жана жанында ок атуучу куралы болушу мүмкүн экендиги тууралуу маалыматтар алынган. А.Д.ны кармоо учурунда каршылык көрсөтүшү мүмкүн экендигинен улам жана адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында аны кармоого атайын даярдыктагы отряддын кызматкерлери тартылган.

Учурда А.Д.нын үстүнөн сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. Анын шеригин кармоо боюнча ыкчам иштер жүрүүдө. Кылмышка шектүү адамды кармоо учурундагы милиция кызматкерлеринин аракеттеринде кандайдыр бир катачылыктар, укук бузуулар болсо аны ИИМдин ички иликтөө кызматы териштирет.


Ош

Аталган гипермаркеттин күзөт кызматынын жетекчиси Маматай Кукаев кармалган А.Д.дан токмок жеген кызматкер жаракат алгандыгын айтты.

«10-июлдан 11-июлга караган түнү белгисиз 2 жигит жана 2 кыз биздин соода дүкөндүн алдында бейбаштык кылышкан. Алар бир баланы сүйрөп, өздөрүнүн унаасына салабыз деп мажбурлап жатышыптыр. Жанагы бала бир түтүктү кучактап алып жардам сурап жатты. Ага карабай аны тарткылап, жулкулдатып сүйрөштү. Ошол учурда ошол жердеги таксисттер арачалап жатышкан. Аларга кошулуп биздин күзөт кызматкерибиз да «бул жерде ызы-чуу салганга болбойт» деп ажыратканы барганда аны да жакалап түртүп салышат. Алдынан ким чыкса баарын муунтуп, уруп, алар менен чогуу жүргөн 2 кыз да адамдарды уруп, тээп жүрүшөт. Биздин бир кызматкерди жыгып, жалпылап урушкан. Ал бети менен цементке түшүп, башынан катуу жаракат алган. Азыр «башым ооруп жатат» дейт. Башка күзөт кызматкерлерибиз аны дүкөндүн ичине алып кирип жатканда артынан келишип, «Сени таанып калдык, эми сени өлтүрөбүз. Тирүү калбайсың» деп уят сөздөр менен сөгүп кетишкен. Мунун баары камерага түшүп калган», - деди Кукаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×