Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 14.07.2019 12:25

Ошту айланып өтүүчү 28 км жолдун курулушу Япония тарабынан каржыланышы мүмкүн

Turmush -  Ош шаарын айланып өтүүчү 28 км жолдун курулушу Япония мамлекети тарабынан каржыланары күтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы билдирди.

Маалым болгондой, бул жол Фуркат айылынан эски мал базар аймагы аркылуу Озгур айылын айланып өтүп, заманбап көпүрө аркылуу Папан жолунун кесилишинен чыгат. Узундугу 28 км болгон жол пайдаланыла баштаса Ош шаарындагы тыгындар азайып, оор жүк ташуучу унаалар жолду бузбай калат. Учурда документ, долбоорлоо иштери аяктаган. Бирок каржы жагы каралбай келет. Эми Япония мамлекетинин гранттык колдоосу менен 2020-жылы курулуш башталса, жолдун ишке кириши 2022-жылга пландалууда. Ал үчүн өкмөттүн макулдугу керектелет.

Буга чейин бул жол Ош— Эркеч-Там унаа жолунун 5-чакырымынан башталып, Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн, Ош шаарынын Амир-Темур кичи районунун, Озгур, Төлөйкөн, Папан айыл өкмөттөрүнүн жайыт жерлери аркылуу өтүп, Ош–Баткен–Исфана жолунун 14-чакырымынан чыга турган болуп иштелип чыкканы маалымдалган. 2017-жылы ошол кездеги транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жолду курууга 1 млрд 754 млн сом каражат сарптала турганын айткан.

«Ош шаарынын интенсивдүү кыймылы өтө чоң. Шаар өнүккөн сайын унаалар менен жүргүнчүлөрдүн дагы саны көбөйүүдө. Биздин Кыргыз жол унаа долбоор институту тарабынан айланма жолдун долбоору иштелип чыкты. Жолдун техникалык абалы 3-даражада болот. Бул долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн каржы булактарын аныктоо керек. Бул долбоордун 2015-жылы түзүлгөн баасы дагы такталат. Учурда сметалык баасы 1 млрд 754 млн сомду түзүп турат. Ошондой эле жол курула турган аймакты чечишибиз керек. Анткени жол курула турган жерлерде учурда курулуштар да бар. Аларга компенсация төлөп берүү зарыл», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×