Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 13.07.2019 13:08 На русском

«Мени арык, узун бойлуу кылып тарт»: Кылыгы күчтүү кыздар, азап тарткан сүрөтчүлөр. Сүрөт

Turmush -  Азыркы учурда сүрөткө түшүү күнүмдүк турмуштун ажырагыс бөлүгүнө айланып бара жаткандай. Социалдык тармактарга сүрөт жүктөгөндөр күн сайын көбөйүүдө. Ар кандай иш-чараларда, салтанаттарда, тойлордо жүздөгөн сүрөттөр тартылат. Ош шаарындагы кабарчыларыбыз ошол көз ирмемдерди сактап калган сүрөтчүлөрдү кепке тартты.

Ош шаарындагы жалгыз сүрөтчү кыз Алина Сыдыкова 5 жылдан бери сүрөт тартуу менен алектенет. Эл аралык сынактарга катышып, өзүнүн фотокөргөзмөсүн да өткөргөн.

«Мен алгачкы жолу сүрөтчүлүк кесипти аркалап иштеп жатканда тойго буйрутма алып калдым. Уялып, толкунданып, биринчи жолу тойдо сүрөт тартып жүрөм. Күйөө баланын досторунун арасында ичимдик ичип алгандары тийишип баштады. Бир убакта «мени сүрөткө тарт, бери бас» деп кыйкырып урушуп башташты. Өзүмдү коерго жер таппай, «экинчи фотограф болуп иштебейм» деп четке чыгып алып ыйлагам. Азыр эстегенде күлүп гана коем», - деди ал.

Ош шаардык мэриясынын сүрөтчүсү Сергей Лапушкин иш-чараларда, салтанаттуу майрамдарда кызыктуу сүрөттөрдү тартып келет.

«Фотоаппарат техника экен, кээде иш-чара убагында бузулуп калат. Жаныңда кошумча фотоаппарат алып жүрүшүң керек же абалдан чыгууну билиш керек. Жаңы эле сүрөткө тартып иштей баштаган убагымда кечки иш-чаралардын бирин чагылдырып калдым. Бир убакта флешка толуп калыптыр. Андай флешка чанда гана кезигет. Бул иш-чарадан сүрөт жок болуп калбасын деп, такси менен досума барып, флешка алып келип тарткам.

Сүрөтчүлөр иш-чаралар өткөндө топ адамдардын арасынан өзгөчө жүздөрдү таба билиши керек. Сүрөтчүнүн мыктылыгы өзгөчөлүктү кармап, тартып калууда. Кээ бирде 3 сүрөтчү бири-бирин билбей сүрөткө тартып алышкан учурлар болгон. Мени да кээде иш учурда сүрөткө тартып алышат», - деди ал.

Адилет Жээнбековдун алгачкы кардарлары тайпалаштары болгон. Тайпалаштары акы катары түшкү тамак алып берчү. Учурда көптөгөн кардарлар менен иштешип, алар менен кызыктуу окуяларга туш болот.

«Өзүмө көбүнчө адамдарды табиятта сүрөткө тарткан жагат. Бирок кардарлардын көбү классикалык кийим кийип, кеңседе сүрөткө түшкөндү жактырышат. Кээ бир кардарлар эс алуучу жайга кийчү кийим менен келип, «кеңседегидей классикалык сүрөт» жаса дешет. Кыздар болсо арык, бою узун кыздардын сүрөтүн көрсөтүшүп, «ушундай кылып тарт» дешет. «Сизге мындай көрүнүш менен болбойт, башка кыймылда тартайын» десең «силер арыктатып, сулуу кылып коесуңар го» дешет. Ал эми кээ бири сүрөтүн көрүп, «жакпай калды» деп акчасын төлөбөй коюшат», - деди Адилет мырза.

Канат Шарипбеков Алай районунда 7 жылдан бери сүрөтчү болуп эмгектенет.

«Түнкү Оштун видеоролигин тартабыз деп 1000 кадр сүрөт алганбыз. Ишти 1-2 саатта бүтө коебуз деп ойлогонбуз. Бирок жарымын тартып бүткөнчө эле таң атып кеткен. Айла жок ролик кыска болуп калган.

Бир ирет досторум менен балык кармаганга барганбыз. Көпүрөдөн өтүп бара жатып кулап кеттим. Жыгылганда фотоаппаратымды жерге тийгизбей кулагам. Досторум азыркыга чейин айтып күлүп калышат», - деди ал.

Дастан Үмөтбай уулу сүрөткө тартуу боюнча тренингдерди өтүп келет. Ал аймактарга чыгып сүрөт тартууга кызыгат.

«Кечээ жакында эле бир долбоор менен сүрөт тартып жүрүп, кичинекей кызды тартып жатсам бир аз уялып жаткан. Анан «инстаграмдан сүрөттөрүңдү жөнөтүп коём» десем жакшы түшүп берди. Ар бир каармандын өзүнүн тилинде сүйлөшпөсөң каалагандай сүрөттү тартып алуу кыйынга турат.

Аймактарга барганда кызыктуу окуялар аябай көп болот. Мен айылдарда жүргөндө жаш балдар менен көп сүйлөшүп, улуу муун менен да тез тил табышам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×