Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусу, Ош 13.07.2019 16:22

Ошто күн ысыкта 25 тоннадан жогорку салмактагы унаалардын асфальт жолдо жүрүшүнө чектөө салынды

Turmush -  Транспорт жана жолдор министрлигинин Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы 25 тоннадан жогорку салмактагы унаалардын айдоочуларын асфальт жолдо жүрбөөгө чакырып, эскертүүлөрдү берди.

Министрликтин буйругуна ылайык, 1-июндан 1-сентябрга чейин эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 20:00гө чейин, күндүз абанын температурасы 28 градустан жогору болгондо Кыргызстандын аймагындагы жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилген. Мындан улам аталган агенттиктин Ош аймактык башкармалыгы айдоочуларды эрежени сактоого чакырды.

«25 тоннадан жогорку салмактагы жүк ташуучу унааларга асфальт жолдо жүрүүгө чектөө киргизилди. Эгер абанын температурасы 28 градустан жогору болсо 25 тоннадан жогорку салмактагы унаалар жолдо жүрүшпөйт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин унаалары болсо, жардамга берилүүчү жүк болсо, аскер техникалары, Транспорт министрлигинин жол куруучу унаалары жүрсө болот», - деди аталган башкармалыктын «Ноокат» транспорт көзөмөлдөө пунктунун башкы инспектору Исламбек Омаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×