Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусу, Ош 04.07.2019 17:31

Ошто жол тескөөчүлөр жана медицина кызматкерлери сыйланды

Turmush -  Ош шаарында жол тескөөчүлөр жана медицина кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 3-июль күнү Ош ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жана медицина кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти. Ага карата салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, ага өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов, Ош ОИИБдин башчысы Малик Нурдинов, анын орун басарлары жана ОИИБдин өздүк курамы катышты.

Иш-чараны Малик Нурдинов ачып, ЖКККБнын түзүлгөндүгүнүн 83 жылдык мааракеси жана медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады. Андан соң ЖКККБнын жана медицина кызматкерлерине ИИМдин төш белгиси жана Ош ОИИБдин ардак грамотасы тапшырылып, баалуу белектер ыйгарылды.

Салтанаттуу иш-чарада 2-июль күнү милиция кызматкерлери арасында ок атуучу куралды чачып-жыйноо, шахмат, стол үстүндөгү теннис боюнча өткөрүлгөн спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү да сыйланды. Майрам Ош ОИИБдин өздүк курамынын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Маалымат:

1936-жылдын 3-июлунда Кыргыз советтик социалисттик республикасынын Ички иштер элдик комиссариатынын курамында авто аварияга каршы күрөшүү жана жол коопсуздугун камсыздоо максатында мамлекеттик автоинспекциясы (МАИ) түзүлгөн. 2019-жылдагы көрсөткүчкө таянсак, Ош облусунун аймагында 174 миң 814 автоунаа катталып, унаа жолдун узундугу 14 миң 786 чакырымды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×