Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 04.07.2019 13:47

Ошто резервуардын курулушуна сарпталган 48 млн сомду текшерүү үчүн кол топтоп жатышат

Turmush -  Ош шаарынын тургундары 2016-жылы курулган резервуарга сарпталган каражаттын кандай максатта пайдаланылганын текшерүү үчүн кол топтой башташты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ош шаарынын тургуну Максатбек Жорокулов шаарга жаан-чачын жааганда таза суу берилбей, убактылуу токтотулуп жатканына нааразы экенин билдирди. Ал таза суу маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечилбей жатканын жана социалдык тармактардан кол топтоого чакырганын билдирди.

Анын айтымында, сметасы 68 млн сом, тендердеги баасы 48 млн сомду түзгөн резервуар 2016-жылы курулган. Бирок Ак-Буура дарыясынын суусу жаан жааганда ылай болуп калгандыктан шаарга таза суу берүү токтотулат.

«Андыктан Ош шаарын таза суу менен камсыздоого бөлүнгөн акчанын максаттуу иштетилип жатышына, 2016-жылдагы 48 млн сомго резервуардын курулушуна сарпталган каражатка күмөн жаралгандыктан, тиешелүү мекемелерден текшерүү жүргүзүүнү суранабыз», - деп жазылат арызда.

М.Жорокулов кол топтогондон кийин резервуар курууга сарпталган 48 млн сом каражатты териштирүү үчүн Башкы прокуратурага жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына арыз жолдой турганын кошумчалады. Кол топтоо иштери 2-июль күнү башталган.

«Бир жума бою кол топтоо жүргүзүлөт. Социалдык тармактарда колдогондор көп болуп жатат, бирок келип кол койгондордун саны аз», - деди ал.

Социалдык тармактын колдонуучусу Жусупбек Абдыкадыров курулган резервуардагы суу Ош шаары үчүн 1 саатка гана жетерин жазган.

«Мен мурдагы куруучу катары айтсам, бул резервуарды мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы буюртмачы болуп курдурткан. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган болушу керек.

Негизи резервуардын функциясы — тазаланган сууну топтоп, бериле турган суунун басымын жогорулатуу ж.б. Бул резервуардагы суу 1 саатка эле жетет. Ак-Буурадагы суу ылай болсо, бул резервуарга суу берилбейт. Ылай суу ошол сууну тазалай турган жерден эле кайра Ак-Буурага куюлат.

Ушул резервуардын жанына дагы бирөө курулат экен. Капиталдык курулуш башкармалыгы тендер өткөрүптүр. Ал курулса суу токтогондо 1 эмес, 2 саатка жете турган суу запаста болот», - деп жазган Ж.Абдыкадыров.

Ал эми Ош шаардык мэриянын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шумкар Пайзиев 2016-жылы курулган резервуар Черемушка, Анар кичи райондорундагы көп кабаттуу үйлөргө таза суунун басымын жогорулатып, жеткирүү үчүн салынганын билдирди.

«Кол топтогонго чейин бизге келсе деле акча кандай максатта пайдаланганын көрсөтүп бере алабыз. 2016-жылы курулуп, пайдаланууга берилген резервуардын жардамы менен Черемушка, Анар кичи райондорунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдөгү суунун басымы жогорулаган. Ал резервуар сууну тазалоо үчүн гана курулган эмес. Учурда дагы бир 6 миң кубдук резервуардын курулушу башталды. Ал резервуардагы суу Жапалак айылындагы элди таза суу менен камсыз кылат. Ал эми Ак-Буура дарыясынын ылай суусун тазалоо үчүн 227 млн сомдук долбоор даярдалган. Ак-Буура суусуна сегиз өрөөндүн сели түшүп, булгайт. Биз селдин суусун диаметри 1000 мм болгон түтүктөр аркылуу алып өтүүнү пландап жатабыз. Ак-Буурадан Төлөйкөндөгү суу тазалоочу кампага чейин 2 миң 400 метр аралыкка түтүк тартылат. Эгер ушул долбоор ишке ашып калса, селдин суусу кампага келген сууга кошулбай калат. Бирок Ак-Буурага Папан суу сактагычынан да суу келип кошулат. Эгер Папан суу сактагычына сел түшсө, ал жактагы суу дагы булганат», - дейт Ш.Пайзиев.

2016-жылы 16-мартта жаңы резервуардын ачылышында экс-мэр Айтмамат Кадырбаев ал 45 млн 662,6 миң сомго курулганын билдирген. Ошондой эле резервуар Ош шаарынын батыш тарабындагы жашоочуларды суу менен камсыздоо үчүн курулганын айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×