Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 01.07.2019 13:41

Ошто ӨКМдин 28 жылдыгы белгиленип жатат

Turmush -  Бүгүн, 1-июлда Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министирлинин 28 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, ага Өзгөрчө кылдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, Ош шаарын мэри жана ӨКМдин 7 облустагы жетекчилери, бийлик өкүлдөрү, ошондой эле өздүк курам катышты. ӨКМдин жарандык коргоону бөлүгүнүн офицери Жунус Жумабаев быйыл министрлик жаңы техникалар менен толукталганына токтолду.

«Бүгүнкү иш-чара Кыргызстан боюнча жер-жерлерде өтүп жатат. Министрлик өткөн жылдарга салыштырмалуу жаңы техникалар менен толукталды. Куткаруучулар, кызматкерлерибиз жетиштүү. Кесиптештеримди майрамы менен куттуктайм», - деди ал.

Тоо кырсыгынан куткаруу өздүк курамынын иш жүргүзүү боюнча жетекчисинин орун басары Алтынбек Исабеков куткаруучулук кооптуу кесип экенин айтты.

«Биздин жумуш оор, адамдардын коопсуздугун сактоо биздин милдетибиз. Мындан улам жаратылыш кырсыктарында жана башка куткаруу иштеринде өз жаныбызды тобокелге салууга туура келет. Кандай гана өзгөчө кырдаал болбосун биз ар дайым даярбыз. Мен өз кесибим менен сыймыктанам», - деди Исабеков

Ош облусу боюнча жалпы 200 куткаруучу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×