Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 24.06.2019 15:11 На русском

Акимдин орун басары Көк бөрү федерациясынын Ош облусундагы президенти болду

Болот Дыйканбаев
Болот Дыйканбаев

Turmush -  Өзгөн районунун акиминин орун басары Болот Дыйканбаев Көк бөрү федерациясынын Ош облусундагы президенти болуп шайланды. Бул маалыматты Болот Дыйканбаев өзү тастыктады.

21-июнь күнү Көк бөрү федерациясынын Ош облусундагы жетекчилигине шайлоо өтүп, анда эки талапкер ат салышкан. Жыйынтыгында Б.Дыйканбаев атаандашына караганда көк бөрүчүлөрдүн көбүрөөк добушуна ээ болгон.

Буга чейин көк бөрү федерациясынын Ош облусундагы өкүлчүлүгүн Рысбек Өмүрзаков жетектеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×