Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусу, Ош 20.06.2019 15:25 На русском

Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси кызматынан кетти

Turmush -  Ош шаардык регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Ажымурат Жолдошев өзү жазган арыздын негизинде кызматынан кетти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Буга чейин Turmush басылмасы А.Жолдошевге сөгүш жарыяланганын жазган.

---------------------

7-июнь күнү Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйыны өткөн. Жыйында шаардагы бир катар мекеме-ишкананын жетекчилери сынга кабылган.

Вице-мэр Жасур Азимов Ош шаарында мыйзамсыз курулган имараттар көп экенин билдирген. А.Жолдошев учурда Ош шаарынын деталдуу пландоо долбоору бүтө электигин айткан. Ал Бишкек шаарынын дагы деталдуу пландоо долбоору бүтө элек экенин кошумчалаган.

Сөзгө аралашкан мэр Таалайбек Сарыбашов: «Бишкек шаары чоң болушу мүмкүн. Бишкекте да силерге окшогондор отургандыр. Отуруп алып акча жасап жатасыңар. Бул тармакта жылыш жок. Сиз кайсы окуу жайды бүтүргөнсүз?», - деп суроо узаткан.

А.Жолдошев: - Оштон эле бүткөм.

Мэр: - Эмне үчүн ашык адам иштетип жатат? Маалым катта дагы жазылып турат. Шаарда мыйзамсыз курулуштар көп курулуптур. Буга ким жооп берет?

А.Жолдошев: - Биз өзүбүздүн функционалдык милдеттерибизди аткарып жатабыз.

Мэр: - Урматтуу Ажимурат мырза, ошончо адам менен жакшы иш алып бара албай жатасыңар.

Мен башчыңарды айтсам, силер «жакшы экенбиз» деп ойлоп албагыла. Силер башкармалыкта эки-үчкө бөлүнүп алыптырсыңар. Жетекчиңер башка, орун басарлары башка саясат жүргүзөт экен. Ажимурат мырза, мындай болбойт. Карагыла, оңдогула, иштегиле!

Ажимурат Жолдошев, мыйзамсыз курулуштар көбөйүп кетти. Элдин нааразычылыгы күчөдү. Сиз трибунага чыгып, «кетүүгө даярмын» дедиңиз. Мен ордуңузда болгондо кетип калмакмын. Орустарда «Жигит мактанып кетпейт, жасай албаганы үчүн кетет» деген сөз бар. Мындай сынды уккандан көрө кызматтан кетип калыш керек. Архитектура башкармалыгынын башчысына сөгүш жарыялансын.


Глава Ошского регионального управления градостроительства и архитектуры Ажымурат Жолдошев
Кызматынан кеткен А.Жолдошев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×