Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 14.06.2019 13:54 На русском

Сүрөт — Ошто 8 млн сомдук ФАП пайдаланууга берилди

Turmush -  Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Арек айылында заманбап ФАП курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтанатка мэр Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин депутаттары жана төрагасы Жапар Ормонов, жергиликтүү тургундар катышкан.

Жаңы ФАПтын курулушуна 8 млн сом сарпталган. Анын 5 млн сому мэрия тарабынан каржыланса, 3 млн сомун жергиликтүү ишкерлер топтошкон. ФАПта 5 кызматкер иштеп, 2,6 миң тургунду тейлейт.

Ошондой эле Жапалак айыл өкмөтүнүн кире беришиндеги айлампа жолго Курманжан датканын айкели тургузулат. Бул тууралуу мэр Таалайбек Сарыбашов ФАПтын ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

«Ош шаарынын чыгыш тарабындагы кире беришинде жана Алайда Алымбек датканын айкели бар. Биз Жапалак айыл өкмөтүнүн кире беришине Курманжан датка энебиздин айкелин орнотууну пландап жатабыз. Демилгени шаардык кеңештин депутаттары колдоп беришсе, буюрса айкел орнотулат», - деди калаа башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×