Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 12.06.2019 16:23 На русском

Министрдин орун басары, экс-мэр, депутат: Ошто «Ардактуу атуул» наамын сойкукана иштеткен адам алдыбы? Видео

Ош шаардык кеңешинин 21-сессиясы
Ош шаардык кеңешинин 21-сессиясы

Turmush -  Кечээ, 11-июнь күнү Ош шаардык кеңешинин 21-сессиясында «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө маселе каралып, 15 талапкердин тизмеси каралды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамына 16 талапкер сунушталган. Бирок профессор Каныбек Исаков талапкер болуудан баш тарткан. Шаардык кеңештин депутаттары талапкерлердин тизмесин бекитип, шайлоо өткөрүү үчүн 6 фракциядан 6 депутат шайлашып, эсептөө комиссиясын түзүшкөн. Анын төрагасы болуп Камчыбек Мамбеткулов шайланган.

Добуш берүү жашыруун түрдө өтүп, эсептөө комиссиясы бюллетендерди жабык эшик артында санаган. Жыйынтыгында 15 талапкердин ичинен 12 талапкерге «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды.

«Ардактуу атуул» наамы эң аз 23 добуш алган талапкерге ыйгарылат. Алардын ичинен депутаттардын эң көп добушуна «Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Дөөлөтбек Көкөчоров (32 добуш) жана шаардык кеңештин депутаты Гүлсана Эсенбаева (32 добуш) ээ болушкан.

«Ардактуу атуул» наамын алгандар:

- Балтагул Нурунбетов, коомдук ишмер (24 добуш);

- Дарика Асилбекова, «Ак жүрөк» кризистик борбордун жетекчиси (23);

- Худайберди Азимов (27);

- Алмаз Алиев, «МПА» ЖЧКнын жетекчиси (29);

- Абдиманап Алдаяров, «Коко-Кола Бишкек Ботлерс» компаниясынын Оштогу филиалынын жетекчиси (27);

- Байыш Төлөнов, журналист (26);

- Дөөлөтбек Көкөчоров, «Ош шаар суу канал» башкармалыгынын башчысы (32);

- Курсан Асанов, ички иштер министринин орун басары (26);

- Муканбек Алыкулов, Ош шаарынын экс-мэри, «Де Люкс» эс алуучу жайынын ээси (23);

- Байболот Абытов, тарыхчы (31);

- Гүлсана Эсенбаева, шаардык кеңештеги «КСДП» фракциясынын депутаты (32);

- Болот Абилдаев, «Газпром-Кыргызстан» ишканасынын жетекчиси (27).

«Ардактуу атуул» наамына илинбей калган талапкерлердин тизмеси:

- Нурбүбү Жаманакова (19);

- Салима Шарипова (22);

- Маматибраим Бостонкулов (22).

«Ардактуу атуул» наамын алгандардын ичинде «кумаркана, сойкукана иштетет» деген ишкердин аты-жөнү бар болушу мүмкүн. Буга чейин Turmush басылмасы 14-майда Ош шаардык кеңешинин 20-сессиясында «Ардактуу атуул» наамына талапкерлерди тандоо болгонун жазган.

Шаардык кеңеш аталган маселени жабык эшик артында караган жана «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу маселеси кийинки сессияга калтырылган.

Шаардык кеңештин депутаты Сейиткасым Курбаназаров Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүлгөн талапкерлердин арасында көмүскө иштеп жаткан кумаркана болушу мүмкүн деген жайдын ээсинин аты бар
экенин билдирген. Депутат көмүскө кумаркана делген жайдын ээси Ош шаарынын «Масалиев көчөсүндөгү "сойкукана болушу мүмкүн" делген мейманкананын дагы ээси» деп укканын айткан.

«Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан эки маалыматка көзүм түшүп калды. Алардын бирөөсү — Масалиев көчөсүндө жайгашкан мейманкана "сойкукана" деп шек жараткандыгы, экинчиси — 13-май күнү журналисттер сабалган жерде "кумаркана" деп шек жараткан мейманкана. Менин билишимче, бул эки мейманкананын ээси бир эле адам. Ал адамга шаардын "Ардактуу атуулу" наамын ыйгарууга депутаттардын моралдык жактан укугу жок», - деген Сейиткасым Курбаназаров.

Ал эми саясий серепчи Төлөгөн Келдибаев «Ардактуу атуул» наамына көмүскө көп иштерди жасап жаткан олигархтар гана көрсөтүлүп жатканына кейиген.

«Бул наамдын кереги деле жок. Аны кайсы бир жаранга ыйгаруу такыр башкача нукта жүрүп жатат. Ал наам жалаң бийликке жагынган, көмүскө сойкукана, кумаркана иштеткен, чиновниктердин аркасы менен көп иштерди бүтүргөн адамдарга берилип калды. Ал адамдар саясий чөйрөдө өздөрүнүн калыс пикирин айта алышпайт. Мына ушундай адамдар аталган наамга көрсөтүлүп жатышат. Мен ал наамга кимдер көрсөтүлгөнүн билбейм, бирок баары татыктуу эмес», - де
ген Төлөгөн Келдибаев.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, «Ардактуу атуул» наамына талапкерлерди шаардагы аймактык кеңештер, мекеме-ишканалар жана шаардык кеңештин депутаттары сунуштай алышат.

Аталган наам Ош шаарында 2 жылдан бери берилбей келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×