Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусу, Ош 04.06.2019 15:29 На русском

Алайдын тургуну дудук жигиттер жөнүндө жалган маалымат таратып, алардын сабалышына түрткү болгон. Видео

Turmush -  Бүгүн, 4-июнь күнү мүмкүнчүлүгү чектелген 3 жигитти сабоого катыштыгы бар жарандар АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында сабалгандардан жана алардын ата-энелеринен кечирим сурашты. Маалымат жыйынга майып балдар дагы катышып, окуя тууралуу айтып беришти.

29-апрель күнү болжол менен саат 12:30 чамасында Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылында жергиликтүү тургундар мүмкүнчүлүгү чектелген 3 жигитти бала уурдоого айыптап, сабаган видео социалдык тармактарга тараган.

Корул айыл өкмөтүнүн тургуну Алмазбек Өмүрзаков балдарды сабаганына өкүнүп жатканын билдирди.

«Бизге чөнтөк телефондон "бала уурдагандар жүрөт" деген кабар келген. Ошол маалыматка ишенип, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды сабаптырбыз. Кылганыбызга өкүнүп жатабыз. Биз алардан кечирим сурайбыз», - деди А.Өмүрзаков.

Ошол эле айыл өкмөттүн жашоочусу Жеңиш Карабалаев да балдардын ата-энелеринен кечирим сурады.

«Бизге бирөө "булар сүйлөйт экен, калп эле сүйлөбөй жатышат" деп айткан. Ошондой жалган маалыматтарга ишенип, туура эмес иш жасаптырбыз. Кылган ишибиз үчүн ата-энелеринен, туугандарынан кечирим сурайбыз», - деди ал.

Корул айыл өкмөтүнүн тургуну Бектурган Арабпай уулу дагы мындай кадамга жалган маалымат түрткү болгонун айтты.

«Ошол күнү 12:00 чамасында бизге "бала уурдагандар жүрүптүр" деген маалымат келген. Биз ката кетириптирбиз. Кылган ишибиз үчүн кыргыз элинен кечирим сурайбыз», - деди ал.

Ал эми ошол күнү сабалган жабырлануучулардын бири Нуржигит Таштемир уулу окуя тууралуу айтып берди.

«27-апрель күнү Алайга бардык. Ал жактан иштерди бүтүрүп, мейманканада түнөдүк. Дагы жумуштар бар болгондуктан 29-апрель күнү бир айылда унаа менен бара жатканбыз. Жолдо 10 чакты жаш бала ойноп жаткан. Ал балдар унаабызга таш ыргыта башташты. Биз унааны токтотуп, балдардан таш ыргытпоону сурандык. Ал жакта дагы бир киши бар экен. Андан балдарды урушуп коюуну суранып, унаанын айнектери сынып каларын айттык. Ал жакшы эле түшүнгөндөй болгон. Кийин Актилек (досу) унаадан түшүп, сыртка чыгып кеткен. Мен унаанын ичинде отургам. Бир убакта бир киши келип, бизди сүрөткө тарткан. Биз андан ары жол уладык. Жолдон бизди кара унаа токтотуп, ал унаадан түшкөн кишилер чөнтөк телефондон биздин сүрөттү көрсөтүштү. Андан кийин бирөөлөрдү чакырып, бизди сабай башташты. Унаанын документтерин алып коюшту. Окуядан 30 мүнөт өткөндөн кийин милиция кызматкери келди. Анан биз унаабызды таш менен урган жаш балдардын үйүнө бардык. Биз баргандан кийин бир баланы дарбазанын артына алып барып, бир нерселерди түшүндүрүштү. Анан бизге "балдарга балмуздак алып берем деген экенсиңер" дешти. Биз ал айылга жаңы барсак, дүкөн кайсы жерде экенин билбесек кантип айтмак элек? Милиция менен кетип бара жатканда алдыбыздан бир мас киши тосуп, милициянын түшүндүргөнүнө карабай унаабыздын эшиктерин тепкилеп салды. Милиция бөлүмчөсүнө барганда эки милиция кызматкери бар экен. Алар унаабызды текшерип, тезинен Ош шаарына кеткиле деп айтышты. Биз ал күнү кеткен жокпуз. Ал күнү мейманканада жатып, эртеси эртең менен кеттик. Ата-энебизге окуя тууралуу айткан эмеспиз», - деди Нуржигит Таштемир уулу.

Сабалгандардын бири Актилек Каныбек уулу аларды сүрөткө тарткан киши эмне үчүн жазаланбай жатканына кызыкты.

«Бизди сүрөткө тарткан адам эмне үчүн кармала элек? Бизге азыркыга чейин досторубуз жазып, абалыбызды сурап жатышат. Сабалгандан кийин менин башым ооруп калды. 10 күн дарыланып чыктым. Бизди сүрөткө тартып, туура эмес маалымат тараткан адамдын жазаланышын каалайбыз. Жалган маалыматка ишенип алгандарды түшүнөбүз. Биз аларды кечирдик. Иштейли десек жумуш жок. Иш берүүчүгө барсаң аны түшүнбөйсүң, же ал сени түшүнбөйт. Андан сырткары бизге окшогондорго ыңгайлаштырылган жогорку окуу жай да жок. Биз дагы башкалар сыяктуу эле жогорку окуу жайда окууну каалайбыз. Ошондуктан өзүбүз жумуш таап, бала-чаканы багуу үчүн иштеп жүрөбүз», - деди Актилек Каныбек уулу.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Turmush басылмасы интернетке белгисиз 3 жигит «жаш балдарды уурдаганга даярданып жаткан жеринен кармалды» деген видео тараганын жазган. Ал видеодон жергиликтүү тургундар үч дудук жигитти чөнтөк телефонго видеого тартышып, милицияга кайрылып жатышканын көрүүгө болот.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев 3 жигит тарабынан бала урдоого эч кандай аракет болбогонун айткан.

«Видео 2019-жылдын 28-апрелинде тартылыптыр. "Бала уурдаганы жатат" делген 3 бала 1994-жылы туулган балдар экен. Алардын экөө Ноокат районунун, бири Алай районунун тургуну. Алар чын эле дудук балдар экени аныкталды. Үчөө календарь, калем сатып оокат кылышат экен. Ошол учурда алар Алай районуна орозо айынын календарын сатып келишип, эшек минип бара жаткан балага жолугуп, "сүрөткө түшүп алалы" деп ымдаганда жаш бала түшүнбөй калыптыр. Ошондон кийин "бала уурдаганы жатышат" деген маалымат тарап кеткен. Андан кийин жергиликтүү тургундар балдарды кармап алышып, урушкан. Учурда дудук балдардын токмоктолушу боюнча факты кылмыштарды каттоо китебине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Дудук балдардын ата-энелери аларды токмоктолгону боюнча медициналык текшерүүдөн өткөрүп жатышат», - деген Ж.Аширбаев.

6-май күнү «жаш балдарды уурдаганы келишкен» деп Алайда сабалган 3 майып жигиттин ата-энелери, достору жана туугандары Ош шаарынын борбордук аянтына тынчтык митингге чыгышкан.

Митингге 60тан ашуун адам катышып, алар коомчулукка «З дудук жигит Алайга бала уурдаганы келген» деген маалымат жалган экенин билдирүү үчүн чогулушкан. Ошондой эле алар 3 дудук жигитти ур-тепкиге алгандарды мыйзам чегинде жоопко тартууну талап кылышкан.

Кийин аталган окуя боюнча бейбаштык фактысы менен бир жаран кармалган. Окуя 30-апрель күнү Алай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Жазык кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Ээнбаштык) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

3-майда Алайда сабалган 3 дудук жигиттин ата-энелери, тактап айтканда Н.у.Т.нын апасы, А.у.К.нын атасы жана Б.у.М.нын агасы аталган окуя боюнча Ош ОИИБге арыз менен кайрылышкан. Алардын арыздары окуя болгон аймактагы Алай РИИБге жөнөтүлгөн. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, Алай РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 3 майып жигитке — Н.у.Т., А.у.К. жана Б.у.М.га соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Тергөө учурунда Алай районунун Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын жашоочулары — Ө.А., К.Ж., С.Н., Б.Ж., К.Н, А.Ж. жана А.Ы. (аял киши) күбө катары суракка алынган. Ошондой эле Алай районунун Корул айыл аймагынын Кең-Жылга айылынын 1982-жылы туулган тургуну К.Ж. шектүү катары суракка алынып, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин (Кылмыш жасады деген шектенүү менен кармалгандарды камакта кармоо) негизинде Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×