Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 30.05.2019 16:16

«Кош бол, студент!»: ОГПИде бүтүрүүчүлөрдү салтанаттуу узатышты (сүрөт)

Turmush -  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө узатышты. Бул тууралуу ОГПИнин маалымат кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу кече институттун чоң залында жалпы бүтүрүүчүлөрдүн жана жетекчиликтин катышуусунда болду. Иш-чаранын башында ректор Бекмурза Зулуев бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларга ак жол каалады. Ал окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө өлкөнүн бардык аймактарында ОГПИнин атын чыгарып, татыктуу иш алып барат деп ишене турганын билдирди.

Салтанаттуу кеченин жүрүшүндө окуу жайды артыкчылык диплому менен бүтүрүп жаткан студенттерге ардак грамоталар, ал эми алардын ата-энелерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Кечеде концерттик программа уюштурулуп, студенттер жандуу үн менен окуу жай, жаштык, студенттик күндөр тууралуу ырларды аткарышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×