Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 18.05.2019 15:53 На русском

Майрам алдында эгиздер төрөлдү: Ошто көз жарган энелерди куттукташты (видео, сүрөт)

Ош облустук төрөт үйү
Ош облустук төрөт үйү

Turmush -  Бүгүн, 18-май күнү Энелер күнүнө карата Ош облустук төрөт үйүндө көз жарган жана көп балалуу болгон энелерди куттукташты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чара республикалык аялдар кеңеши тарабынан уюштурулду жана ага Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекечиси Элнура Боронбаева, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жетекчиси Талантбек Курбаналиев, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын жетекчиси Кыялбек Ташболотов, Аялдар кеңешинин төрайымы Нуркыз Кадырбек кызы катышты.

Ош облустук төрөт үйүнүн жетекчиси Гүлбара Кенжебаеванын айтымында, облустук төрөтканада 2019-жылга чейин 9 миң төрөт катталган.

«Иш-чаранын негизги максаты — энелердин майрамдык маанайын көтөрүү болуп саналат. Ошондой эле ооруканада иштеген көп балалуу кызматкерлерибизди куттуктадык. Жаш энелерге жана көп балалуу энелерге баалуу белектер тапшырылды. Энелерге жакшы шарт түзүп, аларга камкор мамиле жасасак, эненин да, баланын да ден соолугу чың болот. Кыргызстандагы бардык энелерди эмгек жамаатыбыздын атынан куттуктайм», - деди Гүлбара Кенжебаева.

Төрөт бөлүмүнүн башчысы Давран Токтоназаров бүгүн, 18-майда облустук төрөт үйүндө 22 ымыркай төрөлгөнүн айтты. Алардын ичинде эгиз бөбөктөр бар.

Кыргызстанда 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×