Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 14.05.2019 12:58 На русском

Талашка түшкөн 5 млн сом: Оштогу жыйында мэр менен депутат кайым айтышты (видео)

Turmush -  Бүгүн, 14 май күнү Ош шаардык кеңешинин 20-сессиясында депутат Камил Камчы уулу менен мэр Таалайбек Сарыбашов айтыша кетишти, деп билдирди аймактык кабарчы. Жыйындын жүрүшүндө шаардык кеңештин депутаты Камил Камчы уулу ТҮРКСОЙдун «Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аттуу иш-чарага сарпталган каражат тууралуу сураган.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов иш-чарага бөлүнгөн 5 млн сомдун жарымы сарпталганын билдирди.

«Калган жарымын жылдын аягына чейин башка иш-чараларга сарптайбыз», - деди ал.

Ал эми депутат Камил Камчы уулу: «Элге суу жетпей жаткан кезде той өткөрүүнүн кереги бар беле?», - деген суроо узатты.

Мэр: «Сиз эмне үчүн бул маселени ТҮРКСОЙго байлап жатасыз?», - деп суроолуу жооп айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

20.04.2019«Ош—Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык иш-чара сүмөлөк ачуу менен башталды (сүрөт)
20.04.2019Ош—Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору: Килемге сүрөтү түшүрүлгөн президенттер
20.04.2019«Ош—Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык иш-чарасынан фоторепортаж
20.04.2019«Ош—Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» иш-чарасына кайсы чиновниктер келди?
21.04.2019Сүрөт: С.Жээнбеков «Ош—Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» салтанатынын ачылышында
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×