Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусу, Ош 26.04.2019 17:55

Видео — Ошто милиция кызматкерлеринин арасында самбо боюнча биринчилик өтүүдө

Оштогу самбо боюнча биринчилик
Оштогу самбо боюнча биринчилик

Turmush -  Бүгүн, 26-апрель күнү Ош шаарында укук коргоо кызматкерлеринин арасында спорттун самбо түрү боюнча мелдеш өтүүдө, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мелдеш 2010-жылдагы апрель-июнь окуяларында каза болгон милиция кызматкерлеринин жаркын элесине арналган. Ага 13 команда, тактап айтканда 130 спортчу-милиция кызматкери катышып жатканын «Динамо» коомунун төрагасынын орун басары Төрөкул Мадалиев билдирди.

«Спортчулар 62 кг салмактан 100 кг салмакка чейинки 7 салмак категориясында күч сынашат. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө министрлик тарабынан медаль, грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылат. Андан тышкары ИИМдин самбо боюнча курама командасы түзүлөт»,- деди Т.Мадалиев.

Биринчилик «Динамо» спорт комплексинде өткөрүлүп, ага ИИМдин кызматкерлери жана каза болгондордун жакындары катышты.

Аталган биринчилик 2011-жылдан тартып ИИМдин буйругунун негизинде жыл сайын өткөрүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×