Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусу, Ош 26.04.2019 13:33 На русском

Видео — Ошто миңдей адам катышкан жөө жүрүш элдик ыр, бий менен коштолду

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарында «Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатына карата миңден ашуун адам жөө жүрүш жасады, деп билдирди аймактык кабарчы.

Түрк элдеринин «Сулайман-Тоо ынтымак жүрүшүнүн» катышуучулары «Алымбек датка» этнографиялык комплексинен шаардын борбордук стадионуна чейин жөө жүрүш жасашкан. Алардын алдында «Курманжан датка» менен бирге атчандар өтүп, алардын артынан топоз, төө минген адамдар, жөө баскан актерлор, чыгармачыл топтордун жана расмий делегациянын өкүлдөрү, жергиликтүү жетекчилер жана Түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык уюмуна мүчө болгон 9 өлкөнүн бий топтору өтүштү.

Жөө жүрүштүн катышуучулары борбордук Курманжан датка көчөсүнөн өтүп бара жатышканда алар менен сүрөткө түшкөнгө аракет кылган шаар тургундары дагы жөө жүрүшкө кошулушту. Ынтымак жөө жүрүшүнө жалпысынан миңден ашык адам катышты.

Ош шаарынын тургуну Аида Курманбекованын айтымында, миңдеген адамдардын желек көтөрүп, өздөрүнүн элдик ырларын ырдап, элдик бийлерин бийлегенин көрүү үчүн көпчүлүк тургундар ишин таштап келишкен. Ошондой эле Араван кичи районунун тургуну Нурбек Асылжанов жөө жүрүш өтүп жатканына кубанып турганын билдирди.

«Биз шаардын борборунда мындай жүрүш өткөнүнө кубанып жатабыз. Чет элдик коноктордун көптүгүнөн кайдыгер карап турбай, аларга кошулгуң келет. Бул ынтымактын акциясы. Биз абдан ыраазыбыз», - деди ал.

Аталган иш-чарага Түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык уюмунун башкы секретары Д.Касеинов, маданият, маалымат жана туризм министри А.Жаманкулов, Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов, бардык дипломатиялык мекемелердин жетекчилери, аксакалдар, жаштар, маданият тармагынын өкүлдөрү жана ыктыярчылар катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×