Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 23.04.2019 09:12

ТҮРКСОЙ уюму менен Кыргыз-Өзбек университети келишим түздү

Turmush -  21-апрелде Эл аралык түрк маданияты (ТҮРКСОЙ) уюмуна мүчѳ ѳлкѳлѳрдүн ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссияларынын жана комитеттеринин 7-жыйыны өттү. Жолугушуу Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин жаңы бүткөрүлгөн маданий-эстетикалык комплексинде уюштурулган.

Жыйындын алкагында илим, билим жана маданият чөйрөсүндөгү байланышты өнүктүрүү, ошондой эле кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында ТҮРКСОЙ Эл аралык уюму жана Кыргыз-Өзбек университети ортосунда эки тараптуу келишим түзүлдү. Келишимге уюмдун баш катчысы Дүйсөн Касеинов менен аталган университеттин ректору Чаткалбек Райымбаев кол койду.

Жыйындын жүрүшүндө Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Дүйсөн Касеиновго аталган уюм менен Кыргыз-Өзбек университетинин буга чейинки илим-билим багытындагы байланыштын жемиштүү уланышына кошкон салымы үчүн Кыргыз-Өзбек университетинин ардактуу профессору деген ардактуу наам ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×