Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 22.04.2019 20:00 На русском

Видео — Казакстандан 9 медаль менен кайткан жаш гимнаст кыздарды салтанаттуу тосуп алышты

Turmush -  Казакстанда өткөн өспүрүмдөр арасындагы көркөм гимнастика боюнча эл аралык мелдештен 9 медаль уткан жаш гимнаст кыздар бүгүн, 22-апрель күнү Кыргызстанга кайтып келишти. Аларды «Ош» эл аралык аэропортунан Ош шаарынын спорт жана дене тарбия комитетинин кызматкерлери жана ата-энелер салтанаттуу түрдө тосуп алышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аталган мелдеш Казакстандын Алмата шаарында өткөн. Ага жалпысынан 700дөн ашык спортчулар катышты.

«Катышуучулардын басымдуу бөлүгү россиялык жана казакстандык кыздар болду. Биз 2 алтын, 4 күмүш жана 3 коло медалга ээ болдук. Бул биз үчүн жакшы жетишкендик», - деди машыктыруучу Айнура Шаршенбиева.

Эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 14 өспүрүм кыз катышкан. Салтанаттуу тосуп алууда аларга баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×