Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 18.04.2019 15:17

Дарыгер көз оорулары тууралуу: Чөнтөк телефон, компьютер, сыналгыны күнөөлөгөн туура эмес (видео)

Turmush -  Акыркы жылдары көз оорулардын түрү көбөйүп, жаңы диагноздор пайда болуп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык клиникалык ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнүн башчысы Рустам Шамуратов билдирди.

Ал ата-энелер балдарынын ден соолугуна кайдыгер карап жатканы өкүнүчтүү көрүнүш экенин айтты.

«Биз жашап жаткан 21-кылымды жаңы технологияларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Учурда 1 жашка толо элек балдарга да уюлдук телефондорду карматып коюшат. Анын кесепети жакшы болбойт. Кээ бир мектептерде окуучуларды тиешелүү сааттан көп окутушат экен. Организми калыптанып келе жаткан балдардын көзүнүн көрүүсү ушундай көрүнүштөрдөн улам бузулат. Ага телефон, компьютер, сыналгыны күнөөлөгөн туура эмес. Өзүбүз гигиеналык эрежелерди туура сактасак, көйгөйлөрдү алдын алган болот элек», - дейт дарыгер Р.Шамуратов.

Анын айтымында, Ош шаардык ооруканасы көз ооруларын аныктоочу жаңы аппараттарга муктаж.

«Акыркы мезгилде өспүрүмдөр арасында көз айнек кийгендерди көп кездештирүүгө болот. "Өспүрүмдөрдө же чоң кишиде кездешүүчү көз оорулары" деп бөлүүгө болбойт. Тукум куучу көз ооруларынын түрлөрү бар. Глаукома, катаракта, сетчатка деген оорулар көп кездешүүдө. Азыр жаңы аппараттар пайда болуп, көз ооруларын аныктоо оңой болуп калды. Жаңыдан өрчүп келе жаткан ооруларды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок бизде заманбап аппараттардын жетишсиздиги кыйынчылыктарды жаратууда. Бейтапка канчалык так диагноз коюлса, аны дарылоо ошончолук натыйжалуу болот», - деди Рустам Шамуратов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×