Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 17.04.2019 18:47

1 тонна палоо, акысыз билет: Ош шаарындагы салтанатты чет элдик телеканалдар түз алып көрсөтөт

Ош шаары
Ош шаары
// Turmush

Turmush -  «Ош шаары — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» иш-чарасынын алкагында 1 тонна палоо жасалып, майрамдык салтанатты чет элдик телеканалдар түз алып көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрель күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен болгон жолугушууда билдирди.

Мэрдин айтымында, Ош шаарында өтүүчү аталган салтанатка түрк тилдүү мамлекеттерден 400дөн ашуун меймандын келиши күтүлүүдө.

«Иш-чараны өлкөбүздөгү жана Казакстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжан мамлекеттеринен келген массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырышат. Бүгүнкү күндө конокторду тосуп алууга Ош шаары толугу менен даяр. Иш-чараны өткөрүүгө мамлекет тарабынан 10 млн сом бөлүндү жана Ош шаардык мэриясы тарабынан 5 млн сом каралган. Учурда бөлүнгөн каражаттын 2 млн сому Сулайман-Тоо жана Алымбек датка эс алуу жайларын оңдоп-түзөөгө жана шаардын борбордук көчөлөрүн жарыктандырууга сарпталды», - деди Т.Сарыбашов.

Азамат Жаманкулов өз кезегинде иш-чаранын басымдуу бөлүгү шаардын борбордук стадионунда өтөрүн айтты.

«Ош — байыркы шаар экенин даңазалаган сахналаштырылган программа орун алып, 1,5 саатка созулган концерт уюштурулат. Салтанат өлкөбүздөгү мыкты ырчылардын жана кошуна мамлекеттен келген коноктордун коштоосунда өтөт. Келген конокторго 4 тилде эркин сүйлөгөн 100дөн ашык жаштар кызмат көрсөтөт. Меймандар үчүн Сулайман-Тоо музейинин эшиги таңкы 8:00дөн кечки саат 20:00гө чейин ачык болот. Иш-чарада этно фестиваль уюштурулуп, улуттук тамак-аштар даярдалат. Салтанатка президент катышат жана борбордук стадиондо боло турчу салтанаттын ачылыш аземине билеттер акысыз таратылат», - деди А.Жаманкулов.

Таалайбек Сарыбашов майрамдык кечеде көчөлөрдө тыгындарды жаратпоо үчүн шаар тургундарын коомдук унааларды пайдаланууну суранды. Ошондой эле жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер эки күн күчөтүлгөн тартипте иштей турганын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×