Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 17.04.2019 17:45 На русском

«Ош мырзасы-2019» сынагынын жеңүүчүсү аныкталып, 20 миң сом менен сыйланды (сүрөт)

Азамат Арипов
Азамат Арипов
// Turmush

Turmush -  «Ош мырзасы-2019» сынагынын жеңүүчүсү болуп 18 жаштагы Азамат Арипов табылды. Бул тууралуу уюштуруучу Димаш Турсунбаев аймактык кабарчыга билдирди.

Аталган сынак 12-апрель күнү Ош шаарындагы тойканалардын биринде өтүп, ага 11 мырза катышкан. Катышуучулар саламдашуу, улуттук бий, улуттук стиль, талант, кечки стиль программалары боюнча күч сынашкан. Анын жыйынтыгында Азамат Арипов баш байгеге ээ болуп, 20 миң сом менен сыйланган.

«Мен буга чейин "Сулайман-Тоо мырзасы" сынагына катышкандыктан көп деле кыйынчылык болгон жок. Атаандаштарым жакшы даярданышыптыр», - деди А.Арипов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×