Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Ош 17.04.2019 18:54 На русском

«УЗИден өз көзүм менен көргөм»: 3 эм күтүп жаткан Гүлзина эгиз төрөдү. Дарыгер эмне дейт? (видео)

Гүлзина Абдимажитова
Гүлзина Абдимажитова
// Turmush

Turmush -  Ош облустук төрөтканасында көз жарган Гүлзина Абдимажитова 3 эм ымыркай күтүп жаткан. Өзүнүн айтымында, ал төрөткө чейин 5 жолу УЗИ аппаратына текшерилген жана дарыгерлер дагы 3 эмдүү болорун айтышкан.

Учурда Г.Абдимажитова эгиз кыздардын апасы болду. Бирок ал 3-ымыркайынын төрөлүп-төрөлбөгөнүнө шек санап жатканын аймактык кабарчыга билдирди.

Дарыгерлер болжолдуу түрдө 3 ымыркай төрөлөт деп даярданышып, Г.Абдимажитованы операция жолу менен төрөтүүнү чечишкен. Гүлзина айым наркоздон кийин эсине келип, эгиз ымыркайларды көргөнүн айтты.

«Мен 9-апрель күнү облустук төрөт үйүнө келгем. Мурун УЗИ аппаратына текшерилгенимде 3 эмдүү болорум айтылып, ал тургай алардын салмагына чейин жазылган болчу. Бирок операциядан кийин ойгонгондо колума эгиз кыздарымды карматышты. Мен буга чейин өз көзүм менен УЗИден 3 ымыркайды көргөм», - деди ал.

Анын жолдошу Ынтымак Базарбай уулу тиешелүү кызматкерлерди жоопко тартыш керек деген пикирин билдирди.

«Мен азыр таң калып турам. Буга чейин 3 эм дешкен, бирок ымыркайлар төрөлгөндөн кийин эле эгиз деп коюшту. Бир аз ишенбей турам, аппарат туура эмес диагноз чыгардыбы же дарыгерлер алдап койдубу, айтор бул иш бүдөмүк болууда. Мени гана эмес башка адамды деле "3 же 4 эмдүү болот экенсиң" деп, анан эле эгиз ымыркайлуу болдуң деген болбойт да. Ошондуктан тиешелүү тараптар жооп бериши керек», - дейт Ы.Базарбай уулу.

Ал эми аталган төрөт үйүнүн кызматкерлери айтылган дооматтарды четке кагышты. Алардын айтымында, УЗИ аппараты да жаңылган учурлар болгон. Дарыгерлер бул иштин себебин дагы ошол аппараттын жаңылыштыгы менен байланыштырышты. Төрөт күнү Гүлзина айымга акушер-гинеколог Эра Кариева операция жасаган.

«Бул келин (Г.Абдимажитова) ооруканага келген күнү эле патология бөлүмүнө жаткан. Ал жакта аны башка дарыгер караган. Аталган келин төрөгөн түнү мен нөөмөттө болчумун. Акушерлер "бир аялдын толгоосу башталып калды" дегенинен келинди көргөнбүз. Буга чейин пландалат да. 3 эм төрөй турган болгондон кийин операция жолу менен төрөтүү керек. Операция кылып, эгиз кыздарды төрөттүк, үчүнчүсү жок экен», - деди Э.Кариева.

Акушер-гинекологдун сөздөрүнө төрөткананын башкы дарыгери да кошулду.

«Ооба, чындыгында "3 эм төрөйт" деп айтылган экен. Бул келин (Г.Абдимажитова) 5-апрелден 9-апрелге чейин биздин көзөмөлдө болгон. "Операция жолу менен төрөтөбүз" деп даярданып жатканбыз. Анткени анын балдарынын жайгашуусу ар кандай эле. Анан бизде эгиз балдар төрөлгөнү боюнча далил бар. Төрөт учурунда чөнтөк телефонго видеосу тартылган», - деди башкы дарыгер Гүлбара Кенжебаева.

Жалал-Абад облусунда төрөлгөн Гүлзина Ош шаарына келин болгон. Буга чейин 1 кыз төрөгөн.

Ош облустук төрөтканасында жыл сайын 9 миңден ашуун ымыркай төрөлөт. Өткөн жылы төрөтканада 130 наристенин өлүмү катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×