Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 15.04.2019 10:54 На русском

Ош менен Бишкек шаардык кеңештин депутаттары футбол мелдешине түштү. Ким жеңди? (сүрөт)

Ош жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары
Ош жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары

Turmush -  13-апрель күнү Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Ош шаарындагы кесиптештери менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинен билдиришти.

Маалыматка караганда, борбор калаанын депутаттары Ош шаарына келишип, анын алкагында шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировду расмий түрдө кабыл алган. Алар кызматташуу жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң, шаардык кеңештин жыйындар залында жалпы коноктордун жана жергиликтүү депутаттардын катышуусунда жыйын өткөрүлүп, тажрыйба алмашуу маселелери талкууланган.

Андан кийин Ош жана Бишкек шаардык кеңештин депутаттары «Ак тулпар» спорт комплексинде футбол боюнча достук беттеш өткөрүшүп, анын жыйынтыгында Ош шаардык кеңешинин депутаттарынан түзүлгөн команда 3:2 эсебинде жеңишке ээ болушкан. Оюн жыйынтыкталгандан кийин эки командага тең атайын сыйлыктар тапшырылып, келечекте спорттун башка түрлөрү боюнча мелдештерди уюштуруу пландалды.

Ош шаарына келген Бишкек шаардык кеңешинин делегациясы:

- Абиров Жаныбек Болотбекович, БШКнын төрагасы;

- Уланов Алмазбек Уланович, КСДП;

- Шин Сергей Романович, КСДП;

- Абдраев Базарбек Кошоевич, «Мекеним Кыргызстан»;

- Күрүчбеков Аскарбек Бактыбекович, «Мекеним Кыргызстан»;

- Абдиев Бактыбек Кемелович, «Республика — Ата Журт»;

- Мүзүралиев Канат Байсарыевич , «Республика — Ата Журт»;

- Досалиев Элмир Ахуналыевич, «Республика — Ата Журт»;

- Бактыбеков Алымбек Бактыбекович, «Республика — Ата Журт»;

- Сурапбаев Таалайбек Каримжанович, «Кыргызстан»;

- Сыдыков Эмил Мурзабекович, «Өнүгүү-Прогресс»;

- Алымбеков Максат Жумакадырович, БШКнын аппарат жетекчиси;

- Ашимов Айбек Майрамбекович, БШКнын жетектөөчү адиси;

- Мамбеталиев Данияр Нурланович, БШКнын жетектөөчү адиси;

- Заиров Алманбет Куттубекович, БШКнын адиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×