Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 10.04.2019 08:11 На русском

Кара жорго жана лезгинка: В.Шевченко күйөрмандарына бийлеп берди. Видео

UFC чемпиону В.Шевченко
UFC чемпиону В.Шевченко

Turmush -  Кечээ, 9-апрель күнү UFC чемпиону Валентина Шевченко Ош шаарына келген.

Учак эртең мененки саат 8:30да «Ош» эл аралык аэропортуна конуп, В.Шевченко менен бирге анын машыктыруучусу жана апасы келген.

Ал шаардагы мейманканалардын биринде журналисттердин катышуусунда маалымат жыйын өткөргөн.Журналисттердин суроолоруна жооп бергенден кийин Валентина Шевченко Ош шаарындагы спортчуларга мастер-класс өтүп, уруш өнөрүнүн муай-тай түрү боюнча ыкмаларды үйрөттү жана беттешке чыгардын алдында аткарыла турчу көнүгүүлөрдү көрсөткөн.

Кечинде шаардын борбордук аянтында В.Шевченко күйөрмандары менен жолугушкан. Анын алкагында концерттик программа болуп, UFC чемпионуна мыкты суроо даярдагандар үчүн атайын сынак уюштурулду. Анын жеңүүчүлөрү В.Шевченконун колунан белектерге ээ болушту.

Иш-чаранын соңунда В.Шевченко кыргыздын кара жорго бийин жана кавказ улутунун лезгинка бийин бийлеп берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×