Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусу, Ош 09.04.2019 14:39 На русском

«Ошко машыктыруучу болуп келет белеңиз?»: В.Шевченконун журналисттер менен болгон маеги Видео

Turmush -  Бүгүн, 9-апрель күнү UFC чемпиону Валентина Шевченко Ош шаарына келди. Ал шаардагы мейманканалардын биринде журналисттердин катышуусунда маалымат жыйын өткөрдү.

В.Шевченко журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Ош шаары тууралуу пикирин билдирген.

«Мен биринчи жолу Ошто 2000-жылдары болгом. Ошко келбегениме 19 жыл болуптур. Мен анда Кызыл-Кыя шаарындагы Талгат Нигматулин атындагы көчөнүн ачылышына баргам. Бирок менде шаарды көрүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Азыр мен бул шаарды жаңы көз караш менен кыдырууну көздөп жатам. Албетте мен үчүн мындай сонун жерде болуу абдан жагымдуу. Анткени "Ош — Кыргызстандын экинчи борбору" деп аталат. Бул шаарда спорттун аралаш уруш түрүн сүйүүчүлөр абдан көп», - деди В.Шевченко.

Ошондой эле ал машыктыруучу катары иш алып баруу боюнча суроого жооп берди.

«Азыр машыктыруучулукту ойлонуу эрте. Мен азыр карьерамды жыйынтыктоону пландай элекмин», - деди ал.

В.Шевченко кантип спортко аралашып калганын, анын карьерасында апасы абдан маанилүү роль ойноорун айтты.

«Кулатуу Эртаймаш ММА» федерациясынын (WEF) президенти Руслан Кыдырмышев дагы сөз сүйлөп, спорттун аралаш уруш түрү боюнча Кыргызстан дүйнөдө 6-орунда турарын белгиледи.

«Бул биз үчүн аябай чоң жетишкендик. Рейтинг кантип аныкталарын анализдеп көрсөк, калктын саны менен аралаш уруш боюнча спортчулардын саны салыштырылат экен. Бул жаатта 1-орунда Бразилия, 2-орунда Америка Кошмо Штаттары, 3-орунда Россия, 4-орунда Япония, 5-орунда Польша анан биз турат экенбиз. Ошондой эле дүйнө жүзүндө UFC сыяктуу 5 миңден ашуун уюмдардын ичинен биздин "Кулатуу Эртаймаш ММА" федерациясы 30-орунда турат. Биздин уюм 1 жыл мурун 115-орунда болчу», - деди ал.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, күндүн экинчи жарымында Шевченкону Ош шаарындагы экскурсия күтөт. Андан соң мушкер спортчуларга мастер-класс өтүп, кечинде шаардын борбордук аянтында күйөрмандар менен жолугат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×