Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 06.04.2019 22:24

Премьер-лига: «Алай» өз үйүндө «Кара-Балтаны» жеңип алды

Turmush -  Бүгүн, 6-апрель күнү кыргыз Премьер-лигасынын 1-турунун оюндары өттү. Анын алкагында Ош шаарында А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо жергиликтүү «Алай» клубу «Кара-Балта» клубун кабыл алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Беттештин жыйынтыгында үй ээлери 6:1 эсебинде жеңишке жетишти. Оюндун биринчи бөлүгүндө талаа ээлери чабуул артынан чабуул уюштуруп, жоопсуз 4 гол киргизүүгө жетишти. «Алайдын» коргоочусу Акрам Умаров эки сары айып кагазын алып, оюндан четтетилген. «Кара-Балта» клубу беттештин 2-бөлүгүндө 1 гол киргизсе, талаа ээлери дагы эки гол киргизди. Оюнда «Алай» клубунун чабуулчусу Жоел Кожо 4 гол киргизип айырмаланды.

Бүгүн Кыргыз Премьер-лигасынын жаңы сезону старт алды. Буга чейин Кыргызстандын клубдарынын аасындагы чемпионат «Топ-лига» деп аталып келген. Бирок 4-апрелден баштап анын аталышы кыргыз Премьер-лигасы болуп өзгөргөн. Жаңы сезондун алкагында 8 клуб ат салышат. Алар – «Дордой», «Алай», «Алга», «Нефтчи», «Абдыш-Ата», «Кара-Балта», «Илбирс» жана «Академи-Лидер» клубдары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×