Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 05.04.2019 13:41 На русском

Ошто спортчулар сыйланып, мыкты машыктыруучулар аныкталды (сүрөт)

Turmush -  6-апрель — Кырыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата Ош шаарында спортчулар жана машыктыруучулар акчалай сыйлыктар жана ардак грамоталар менен сыйланышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, дүйнөлүк, эл аралык мелдештерде, Азия чемпионатында, республикалык биринчиликтерде жеңишке жетишкен спортчулар 30 миң сомдон 70 миң сомго чейин акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Алардын ичинен Төрөхан Багынбай уулу жана Акжол Махмудовго 70 миң сом акчалай сыйлык жана ардак грамота тапшырылды.

Ал эми «Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов грэпплинг боюнча «Эң мыкты машыктыруучу» деп табылса, Бекмырза Эргешов каратэ боюнча «Эң мыкты машыктыруучу» деп табылды.

Быйыл Ош шаардык спорт комитетинин бюджети 34 млн сом болуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 2 млн сомго кыскарган. Анын негизинде Ош шаардык кеңеши кайрадан спорт комитетинин бюджетин карап чыгып, 2 млн сом коштурган. Учурда спорт комитеттин бир жылдык бюджети 36 млн сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×