Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 02.04.2019 21:00

Ошто футзал боюнча биринчиликтин жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Өзгүр командасы
Өзгүр командасы
// Turmush

Turmush -  Ош шаарында футзал боюнча өткөн чемпионатта «Өзгүр» командасы 1-орунду алды. Бул тууралуу аталган команданын машыктыруучусу Гулжигит Шарипов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, аталган биринчилик Ош шаары жана Ош облусунун командалары арасында жыл сайын уюштурулуп келет.

«Футзал боюнча Жогорку лиганын жана Биринчи лиганын чемпионаты болду. Жогорку лигада 8 команда, ал эми Биринчи лигада 12 команда ойноду. Оюндар январда башталып, финалдык беттеш 31-март күнү өттү. Жыйынтыгында «Өзгүр» командасы Жогорку лигада 1-орунду багындырды. 2-орунду "Бай-Түшүм" командасы, 3-орунду "Бакай фонд" командасы ээледи», - деди ал.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө КРнын Футбол федерациясы тарабынан кубок, медаль жана дипломдор тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×