Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 29.03.2019 13:39 На русском

Балдарга чөнтөк телефон берип, анын зыянын билбей, ойноп жатканына кубанабыз, - көз дарыгер (видео)

Turmush -  Балдардын көзү уюлдук телефондон жапа чегет. Бул тууралуу бүгүн, 29-март күнү АКИpress-Ошто өткөн маалымат жыйында Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү билдиришти.

Улуттук Кызыл Ай коомунун өкүлү Азамат Сабировдун айтымында, көз ооруларын алдын алуу максатында Кыргызстандын аймактарында көз оорусунан жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүлүп, көз айнектер берилип жатат.

«Учурда көз ооруларын алдын алуу максатында бир нече долбоорлор менен жана Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын кызматкерлери менен иштешип жатабыз. 2018-жылдын 1-сентябрында түштүк аймактагы аярлуу катмардагы көзү ооруган жашоочулар үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча долбоор баштаганбыз. Бул долбоор 2021-жылга чейин уланат. Көз ооруларын алдын алуу — биздин башкы максатыбыз. Жакынкы күндөрү акция уюштуруп, көзүнөн жабыркагандарга көз айнек алып берели деп жатабыз», - деди А.Сабиров.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын көз дарыгери Айдар Арыков наристелерге уюлдук телефон карматуу алардын көзүнө зыян экенин белгиледи.

«Учурдагы көз оорулары боюнча айта турган болсок, улуу муундагы адамдар глаукома (көздүн өнөкөт оорусу, анда көздүн ички басымы көтөрүлөт) жана катаракта оорусу менен жабыркашат. Наристелер болсо чөнтөк телефондон көп жабыркап жатышат. Балдарга телефон берип, анын ойноп жатканына кубанабыз. Бирок балага канчалык зыян тийип жатканын билбей жатабыз. Уюлдук телефонду караган наристенин көзүнө күч келет. Аларга мүмкүн болсо чөнтөк телефон карматпашыбыз керек. Компьютер менен иштеген адамдар саат сайын көзүн эс алдырышы керек. 1 саат компьютерди карап отургандан кийин 10 мүнөт көзгө кам көрүп, сыртка чыгып, алыскы аралыкты тиктеш керек. Бир нерсени кыска аралыкта тиктеп отура берген адамдын алысты көрүүсү начарлап калат», - дейт дарыгер.

Буга чейин көзгө кам көрүү боюнча акция Баткен облусунда өткөрүлгөн. Иш-чара Жалал-Абад облусунда дагы улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×