Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 26.03.2019 08:02

Оштогу спортчу студент Э.Момунжанова жетишкен ийгиликтери үчүн акысыз билим алмак болду (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 25-мартта Ош мамлекеттик университетинин студенти, спортто 9 алтын, 1 күмүш, 1 коло медалдын жана алтын курдун ээси Элзада Момунжанова келишимдик акыдан бошотулду.

Маалым болгондой, окуу жайдын ректору Каныбек Исаков ага ден соолук, окууларында, спортто ийгиликтерди каалады. Ал Элзада Момунжанованын Кыргызстанда жана Борбордук Азияда өткөн эл аралык турнирлерде ийгилик жаратып келе жатканын эске алуу менен окуудагы келишимдик акысынан толук бошотулгандыгын белгиледи.

Элзада Момунжанова 2018-жылы Ташкент шаарында өткөн ушу саньда боюнча Борбордук Азия чемпионатында 1-орунду, грэпплинг боюнча Азияга тандоо турниринде 1-орунду багындырган. Алыш белбоо күрөшү жана ушу саньда боюнча спорттун чебери. 2018-жылдын ноябрь айынан бери 9 алтын, 1 күмүш, 1 коло медалды жана алтын курду жеңип алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×