Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 25.03.2019 14:22

Баскетбол: Алгачкы жолу Кыргызстандын түштүгүнөн чыккан команда өлкө чемпиону болду (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 24-март күнү Кыргызстандын баскетбол боюнча Биринчи лигасынын чемпионатында «Номад Ош» курама командасы чемпион болду. Бул тууралуу КРнын Баскетбол федерациясынын түштүк аймагындагы өкүлү Искендер Субанкулов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Кыргызстандын түштүк жергесинен бир дагы баскетбол командасы өлкө ичиндеги мелдештерге катышкан эмес.

«Эркектер арасында баскетбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул мелдеш 2015-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Кыргызстандын Биринчи лигасынын чемпионаты ушул жылдын январь айында башталып, ага жалпысынан 14 команда катышкан. Ош шаарынын атынан катышкан "Номад Ош" баскетбол курама командасынын оюнчуларына спорт чебери наамы менен бирге алтын медалдар жана кубок тапшырылат. Мелдешке катышкан командалардын көбү Бишкек шаарынан куралышат. Аймактардан 3 курама — Ош шаарынан «Номад» жана Нарын, Ысык-Көл облустарынан 2 команда катышкан. Кыргызстандын баскетбол боюнча тарыхында түштүктөн чыккан команда биринчи жолу өлкө биринчилигине катышты», - деди И.Субанкулов.

Ал 4 жыл мурун 22 баскетбол командасы топтолуп, анын ичинен 8 команда Кыргызстандын баскетбол боюнча Жогорку лигасында ойноп баштаганын айтты. Калган 14 команда Биринчи лигада ойногон.

«Номад» курама командасы 2018-жылы апрель айында түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×