Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 22.03.2019 16:29

Ош: Чыр менен коштолгон көк бөрүдөгү кызыктуу учурлар видеодо

Turmush -  Кечээ, 21-март күнү Ош шаарынын «Төлөйкөн» ат майданында Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү боюнча мелдештин финалында Жалал-Абад облусунун жана Өзгөн районунун курамалары бет келишкен. Финалдык оюн 2:3 эсебинде Жалал-Абад облусунун командасынын жеңиши менен жыйынтыкталган.
Оюндун жүрүшүндө эки команданын 2 оюнчусу аттан кулап, тез жардам чакыртылган. Алардын бирөөсүнүн буту сынганы айтылган.

Ошондой эле оюндун жүрүшүндө чыр чыгып, беттеш токтотулган. Оюндун негизги убактысында эки команда тең тай казанга экиден улак салышкан. Кошумча берилген убакытта улакчылар бири-бири менен камчылашып кетишкен.


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милиция кызматкерлери жаңжал чыккан кезде дароо барышып, чырды токтотуп калышкан.

Көк бөрү боюнча мелдештин баш байгесине 100 миң сом, 2-орунга 50 миң сом жана 3-орунга 30 миң сом коюлган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×