Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 22.03.2019 10:21

Оштун жаш футболчулары өлкө чемпионатында 2-орунду алышты

Turmush -  13 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында өткөн кичи футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатында Ош облусунун курамасы 2-орунга ээ болду. Бул тууралуу алардын машыктыруучусу Учкун Абдыжапаров билдирди.

Анын айтымында, чемпионатка Кыргызстандын 7 облусунан жана Бишкек шаарынын атынан келген 8 команда катышкан.

Мелдештин финалдык оюнунда Ош облусунун командасы Ысык-Көл облусунун жаш футболчулары менен бет келишкен. Анын жыйынтыгында Ысык-Көлдөн келген курама 8:6 эсебинде жеңишке ээ болушуп, 1-орунду алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×