Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 21.03.2019 16:14 На русском

Видео — Оштогу көк бөрүдө жаңжал чыкты

Turmush -  Ош шаарынын «Төлөйкөн» ат майданында Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү оюнунун финалдык беттешинде чыр чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Финалдык оюнда Өзгөн районунун жана Жалал-Абад облусунун командалары ойноп жаткан. Оюндун негизги убактысында эки команда тең тай казанга экиден улак салышкан. Кошумча берилген убакытта улакчылар бири-бири менен камчылашып кетишкендиктен, калыстар оюнду токтотушту. Чырды кайсы команда чыгарганы белгисиз.

Аймактык кабарчынын маалыматы боюнча, калыстар 2 командага тең эскертүү берип, оюнду андан ары улантышкан. Калыстардын чыгарган чечимине ылайык, кайсы бир команда дагы жаңжал чыгара турган болсо ал 1 жылга көк бөрү оюнунан четтетилмек.

Жыйынтыгында Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү боюнча мелдешти Жалал-Абад облусунун командасы жеңди.

Өзгөн районунун жана Жалал-Абад облусунун командасы бет келишкен финалдык оюн 2:3 эсебинде жыйынтыкталды. Оюндун жүрүшүндө эки команданын 2 оюнчусу аттан кулап, тез жардам чакыртылган. Алардын бирөөсүнүн буту сынганы айтылууда.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, учурда абал тынч. Милиция кызматкерлери жаңжал чыккан кезде дароо барышып, чырды токтотуп калышкан.

Көк бөрү боюнча мелдештин баш байгесине 100 миң сом, 2-орунга 50 миң сом жана 3-орунга 30 миң сом коюлган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×