Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 21.03.2019 14:21 На русском

Байгеде 100 миң сом жана «Жигули»: Ошто ат оюндары өтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарындагы «Төлөйкөн» майданында ат оюндарынын финалдык туру башталганын аймактык кабарчы билдирди.

Мелдеште 5 км аралыкта жорголордун жарышы болду. Жарышта 1-орунду ээлегени 5 миң сом, 2-орунду ээлегени 4 миң сом жана 3-орунга илингени 3 миң сом менен сыйланды. Андан тышкары 18 км аралыкка аламан чабыш өттү. Жарышта биринчи келген аргымактын ээсине «Жигули» үлгүсүндөгү унаа жана 70 миң сом тапшырылды. 2-орунду алганы 50 миң сом, 3-орунду ээлегени 30 миң сом менен сыйланды.

Ал эми көк бөрү оюнунун финалдык беттешинде Жалал-Абад облусунун командасы менен Өзгөн районунун командасы күч сынашат. Көк бөрү оюнунда баш байгеге 100 миң сом, 2-орунга 50 миң сом жана 3-орунга 30 миң сом байге коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×