Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусу, Ош 16.03.2019 09:29

Өзбекстандагы эл аралык мелдеште кыргызстандык 2 спортчу алтын кур тагынды (сүрөт)

Turmush -  Өзбекстандын Жизак шаарында ушу-саньда боюнча профессионал спортчулар арасында өткөн эл аралык мелдеште кыргызстандык эки спортчу алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Ош шаарындагы ушу-саньда боюнча башкы машыктыруучу Нематжан Юсупов билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан мамлекеттеринен 300дөн ашуун спортчу катышкан. Жыйынтыгында Кыргызстандан барган 20 жаштагы Кадырбек Эрмамат уулу жана 19 жаштагы Элзада Момунжанова өз салмак категорияларында алтын курларды тагынышкан.

Учурда аталган эки спортчу Бишкек шаарында пенчак-силат (уруш өнөрүнүн бир түрү) боюнча Кыргызстандын биринчилигине катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×