Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 15.03.2019 13:28

Өлкөдө 353 миң адам жасалма бөйрөк менен жашайт, - дарыгер Р.Камилов

Turmush -  Кыргызстанда 500 миңден ашуун адам бөйрөк оорусу менен жабыркап келет. Алардын ичинен 353 миң киши жасалма бөйрөк менен жашап жатса, 283 кишиге трансплантация жасалган. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, профессор, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы дарыгери Рысбек Камилов билдирди.

«Божомолдор боюнча ар 10 жыл сайын дүйнө жүзүндө бөйрөк оорусу менен ооругандардын саны эки эсеге көбөйөт. Кыргызстанда дагы бөйрөк менен ооруган кишилер көбөйүүдө. Изилдөөлөргө таянсак, бөйрөгү иштебей калгандардын 55%ы бөйрөк оорусунун гломерулонефрит деген түрү менен ооругандар. Алардын көпчүлүгү 10 жаштан 40 жашка чейинкилер. Гломерулонефрит — эки бөйрөктүн бир убакта оорушу. Бөйрөктүн ичинде нефрон деген болот. Ал ооруп баштаганда бөйрөктүн иштеши 10 жылдан кийин токтойт. Андан кийин адам жасалма бөйрөк же диализ менен жашап калат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 353 миң киши жасалма бөйрөк менен жашайт. Мамлекеттин бюджетинен бейтаптардын дары-дармектерине 14,5 млн доллар же 1 млрд сомдон ашык каражат кеткен. Мындай көрүнүш мамлекеттин экономикасына түздөн-түз терс таасирин тийгизип жатат. Ошондуктан ооруну алдын алуу керек. Бай мамлекеттерде гломерулонефрит деген оору азайды», - деди дарыгер.

Анын айтымында, Кыргызстанда нефрологдор (бөйрөк оорулары боюнча адис) жетишсиз. Бул көрүнүш дагы бөйрөк ооруларынын көбөйүшүнө өз таасирин тийгизип жатат.

«Кыргызстанда 6 млн калк болсо, өлкөдө 5 гана нефролог бар. Кыргызстан үчүн жок дегенде 15 нефролог керек. Андан тышкары айылдагы, райондордогу ооруканалардын шарттары начарлады. Мурдагыдай ооруларды убагында аныктап, так диагноз коюп дарылай албай жатышат. Азыр мамлекеттик бюджеттик бөйрөк бөлүмдөрү аймактарда эле калды. Бишкекте баардыгы жеке менчикке өтүп кеткен. Мен адис катары буга каршымын. Жасалма бөйрөк бөлүмдөрү 1971-жылдан бери иштеп келген. Аларды жаап салуу туура эмес болду. 40-50 жыл даярдаган адистерди ар жерге таркатып салышты. Башка мамлекетте бюджеттен каржыланган ушундай бөлүмдөр көп», - деди Рысбек Камилов.

Ал кант диабети, кан басымынын жогорулашы, денедеги жаралардын ириңдеши бөйрөктүн иштешинин начарлашына чоң таасир тийгизерин кошумчалады. Ошондой эле Кытайдын дары чөптөрүн ичүү бөйрөктүн кургап калышына алып келерин жана бул дары чөптөр медицинада дары катары далилденбегенин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×