Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 28.02.2019 16:29 На русском

Оштогу мыкты мугалим аталган Клара Байыевага убадаланган унаа бериле элек. Билим берүү башкармалыгынын жообу

Turmush -  Ош шаарындагы мектептер арасында өткөн «Жылдын мыкты мугалими - 2018» сынагында жеңүүчү болгон Клара Байыевага убадаланган автоунаа бериле элек. Аймактык кабарчы мугалимдин жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкеринин пикирин угуп көрдү.

Мыкты мугалим аталган Клара Байыева Курманжан Датка атындагы мектепте математика сабагынан берет.

«Мугалимдер арасындагы сынакта жеңүүчү болгондо автоунаа берилерин айтышкан эле. Бирок унааны ала элекмин. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы шаардын атынан республикалык сынакка катышып, байгелүү орун алган мугалимге унаа берилерин айткан. Бирок Билим берүү жана илим министрлиги сынак өткөргөн жок. Мен сынагы жок эле министрликтен сыйлык алып келдим. Убадалаган унааны беришсе жакшы болмок», - деди ал.

Ош шаарында жыл сайын май айында шаардагы мектептерден тандалып алынган 5 мугалим «Мыкты мугалим» наамы үчүн күч сынашат. Жеңүүчү мугалимге Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан автоунаа тапшырылып келген. 2018-жылы өткөрүлгөн сынак 30-майда жыйынтыкталган.

Убадаланган унаа эмне үчүн берилбей жатканын Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу усулканасынын башчысы Тынчтык Досмуратов айтып берди.

«Мыкты мугалимге берилүүчү сыйлыктарды атайын комиссия чечет. 4 жыл катары менен жеңүүчүлөргө унаа бергенбиз. Кийинчерээк атайын жобонун негизинде Ош шаарында мыкты деп табылган мугалим республикалык сынакта шаардын намысын коргоп, байгелүү орунга татыса унаа берилери айтылган. Бул жерде Билим берүү башкармалыгынын, мугалимдин күнөөсү жок. Билим берүү жана илим министрлиги сынак уюштурбай калды. Эгер быйыл сынак уюштурулса өткөн жылы жеңишке жеткен мугалимди жөнөтөлү деп жатабыз. Ал байгелүү орун алса унаага акча бөлүнүп, сатып беребиз», - дейт Т.Досмуратов.

Клара Байыева 12 жылдан бери мектепте иштейт. Ал 3 баланын апасы.

2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×