Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 01.02.2019 17:31 Жаңыланды: 01.02.2019 18:43

«Лифт 43 жыл мурун орнотулган»: Оштогу ооруканада бейтаптарды жогорку кабатка көтөрүп чыгышат (видео)

Turmush -  Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасында 43 жыл мурун орнотулган лифттер иштебей, бейтаптарга кыйынчылык жаралып жатат. Буга чейин «Репортерго» окурман аталган ооруканада операциядан чыккан бейтапты жогорку кабатка дарыгерлер тепкич менен алып бара жаткан учурда тартылган видеону жөнөткөн.

Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын башчысынын орун басары Түгөлбай Асановдун айтымында, лифт 3-кабатка чейин гана көтөрүлөт.

«Лифт союз убагынан бери алмаштырыла элек. Дээрлик жарым кылымдан бери иштейт. Оорукананын оң жана сол канатында эки лифт бар. Биздин оорукана 4 кабаттуу, бирок лифт 3-кабатка чейин гана көтөрүлөт. Баса албаган бейтаптарды лифт менен алып түшөбүз. Учурда лифт жакшы иштебей, бузулуп жаткандыктан ишибизге тоскоолдук жаралууда», - деди Т.Асанов.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Элмира Боронова лифтти алмаштыруу мөөнөтү 3 айга созулушу мүмкүн экенин белгиледи.

«Ош облустук ооруканада лифттер жакшы иштебейт. Эскилиги жетип, оңдогонго да болбой калды. Бизде травматология бөлүмү 4-кабатта жайгашкан. Ал эми операция бөлүмү 2-кабатта жайгашкан. Мындан улам операциядан чыккан бейтаптар 3-кабатка чейин лифт менен барып, аларды 4-кабатка көтөрүп чыгышат. Биз эми бөлүмдөрдү алмаштырууну пландап жатабыз. Анткени жаңы лифт 3 айдан кийин орнотулат экен», - деди Э.Боронбаева.

Ал эми Ош облсутук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Марклен Медетовдун айтымында, лифттерге тендер жарыяланып, «Хендай лифт» компаниясы утуп алган.

«Биз эки ооруканага тең лифт коюу боюнча тендер жарыялап, "Хендай лифт" фирмасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү утуп алган. Ооруканага чейин барып көрүп кетишкен. Учурда Корея мамлекетинде майрам болуп жаткандыгына байланыштуу алар 1 ай иштебейт экен. Келишим боюнча 120 күндүн ичинде лифттерди орнотуп беришет. Жалпы тендердик баасы 4 млн 700 миң сомду түзүп, акча аларга которулуп берилген. Апрель айында толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет», - деди М.Медетов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×