Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 14.01.2019 09:40 На русском

Гемодиализге байланган өмүрлөр: Оштогу дарыгерлер бөйрөк оорусунун келип чыгуу себептерин аташты (видео)

Turmush -  Бүгүнкү күндө Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын гемодиализ бөлүмүндө 40 бейтап гемодиализ аппаратынын жардамы менен жашап келет. Мындан сырткары жеке менчик ооруканаларда гемодиализди пайдаланган бейтаптар көп экенин аталган оорукананын гемодиализ бөлүмүнүн башчысы Нишан Ахунов билдирди.

Анын айтымында, бөйрөк оорусу адамдар ден соолугуна кайдыгер карап жатканынан улам келип чыгат.

«Гемодиализ — бөйрөктүн кызматын аткаруучу аппарат. Бөйрөк ооруганда адамга оору сезилбейт. Акырындык менен оору күчөп, эки бөйрөктүн тең иштөөсүн толугу менен начарлатат. Бул оору 2 жаштан баштап 40 жашка чейинки адамдарда көп кездешүүдө. Бөйрөк адамдын организминдеги канды тазалап берүүчү орган болгондуктан ооруган бөйрөк кызматын аткара албай калат. Бейтаптар өз алдынча заара кыла албагандыктан аппараттын жардамы менен гана кандагы уулу заттарды жана заарасын тазалатып турушат. Бул процесс бир жумада үч жолу жасалат. Төрт сааттын ичинде адамдын каны тазаланып бүтөт. Бүгүнкү күндө 8 аппарат бар. Бир күндө үч маалдан 24 бейтапты кабыл алганга шартыбыз бар», - деди Нишан Ахунов.

Дарыгер белгилегендей, эгерде бөйрөктү операция жолу менен алмаштырбаса адам өмүр бою гемодиализ аппаратына көз каранды болуп калат.

«Бул дарттан айыгуунун бир эле жолу бар. Ылайыктуу донор таап, бөйрөктү операция жолу менен алмаштыруу керек. Бөйрөктү алмаштырбаса бейтап өмүр бою аппаратка байланып калат. Тилекке каршы мындай операциялар чет өлкөлөрдө гана жасалып, көп акчаны талап кылат. Биздин ооруканада Баткен жана Ош облустарынан келген 40 бейтап бар. Алар 10 жаштан баштап 81 жашка чейинки жарандар. Алар баары бюджеттин эсебинен акысыз дарыланышат. Ошондуктан көпчүлүк бул аппаратты пайдаланууга аргасыз болуп жатат», - деди Нишан Ахунов.

Нерфрология бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Баймурзаева бөйрөк оорусунун көбөйүшүнүн себептерин айтып берди.

«Бөйрөк оорусу өзү эле пайда боло турган оору эмес. Буга ар кандай вирустардын күчөп кетүүсү себеп болот. Мисалы, сасык тумоо, ангина, бронхит жана ушуга окшогон вирустуу оорулар. Аталган ооруларды убагында дарылабай койгондуктан оору күчөп, бөйрөктү акырындык менен иштен чыгарат. Мунун акыркы стадиясы гемодиализге келип такалат. Бүгүнкү күндө көчөдөгү тез татымдар, газдалган суусундуктар, миграциянын таасири да чоң болуп жатат. Тубаса бөйрөк оорусунан жабыркагандар да бар. Кош бойлуу аял бөйрөк оорусу менен ооруса, ымыркай да ар кандай оорунун белгилери менен төрөлөт. Бир бөйрөк менен же бир бөйрөгү кичинекей болуп, формалары ар кандай төрөлүп жаткандар бар. Ошондой эле кант диабети, боор оорулары бөйрөккө терс таасирин сөзсүз тийгизет», - деди Гүлжан Баймурзаева.

2017-жылы кайрылган бейтаптардын көпчүлүгү Баткен жана Жалал-Абад облустарынан болгон. Ал эми өткөн жылы Ош облусундагы Ноокат районунан 105 бейтап, Өзгөн жана Ош шаарынан 70тен ашык адам, Кара-Суу районунан 146 бейтап кайрылган. Бүгүнкү күндө Баткен облусунда нефролог адиси жетишсиз жана гемодиализ бөлүмү жок. Мындан улам бул облустун тургундары да Ошто дарыланышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×