Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Ош 10.01.2019 14:20

Ошто аллея курулчу көчөдөгү курулуштарды бузуу иштери башталды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 10-январда Ош шаарынын Кулатов кичи районунун Осмонов көчөсүнө курулчу аллеянын ордундагы курулуштарды алып салуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин эскертүү берилип, айрым кафелер курулуштарын өз каалоолору менен алган. Бүгүн эскертүүгө көңүл бурбагандардын жеңил курулуштары алынып баштады. Курулуш ээлеринин көбүнүн тротуарга дарбаза орнотууга уруксаты жок.

Кулатов, Анар, Батыш жана Ак-Тилек кичи райондорунун жашоочулары аталган көчөгө аллея куруп берүүнү өтүнүшкөн. Баш аламан жайгашкан соода күркөлөрүнүн айынан жаңжал чыгып, жашоочуларга ыңгайсыздык жаратат.

Муниципалдык жерди ижарага алуу боюнча келишими бүткөн соодагерлерге курулушту бузуу тууралуу эскертүү берилди. Ошондой эле бул тууралуу 2018-жылдын аягына чейин түзүлгөн келишимде да жазылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×