Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Ош 10.01.2019 09:13

Ошто аллея курулчу көчөдөгү дүкөндөрдү көчүрүү талкууланды. Соодагерлердин пикири (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 9-январда Ош шаарындагы Батыш кичи районунун Б.Осмонов көчөсүндөгү соода күркөлөрүн жылдыруу маселеси талкууланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Талкууга вице-мэр Жасур Азимов, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, соода күркөлөрүнүн ээлери, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү жана шаардык кеңештин депутаттары катышты. Жыйында Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Ажимурат Жолдошев парк курулчу көчө башкы планга киргизилгенин айтты.

«Аллеянын узундугу 850 метр, туурасы 13-20 метр болот. Ал жерге оргума, отургучтар орнотулат», - деди Жолдошев.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Ашим Семетеев соода күркөлөрү жайгашкан аймак муниципалдык менчик жер экенин белгилеп, андан жылына 2 млн сом түшөрүн билдирди.

«Аталган жер 2 гектар аймакты камтыйт. 3,5 миң чарчы метр жерди соодагерлер жыл сайын түзүлгөн келишимдин негизинде иштетишчү. Бүгүнкү күндө келишимден бир тараптуу баш тартылды. Ал жайда 85 ижарачы бар», - деди Семетеев.

Ал эми соодагерлер элдин талабы эске алынбай жатканын айтып чыгышты. Алардын пикиринде, Б.Осмонов көчөсүнө аллея курулган убакта деле оор жүк ташуучу унаалар өткөнү үчүн ал жерде эс алууга мүмкүн эмес. Сатуучулар мэриянын өнүгүү үчүн жасап жаткан бул кадамын баалап, бирок аларга башка жактан жумуш ордун түзүп берүү керектигин эскертишти.

«Бизге эскертүүлөр келди, бул туура. Мэриянын өнүгүү үчүн таштап жаткан кадамын колдойбуз. Бирок бизге шарт түзүлүшү керек. Учурда элдин насыялары бар. Эгер күркөлөрдү көчүрүп жиберсе насыяны кантип төлөйбүз? Ошондуктан бизге башка жактан жумуш ордун түзүп берүү керек», - деди соодагер Анипа Жутанова.

Өз кезегинде шаардык кеңештин депутаттары сунуш-пикирлерин айтышты. Вице-мэр Жасур Азимовдун айтымында, жыйында айтылган пикирлер эске алынып, маселе дагы бир ирет каралат.

Буга чейин аллея куруу демилгесине дүкөндөрдү иштеткендер нааразычылык билдирип чыгышкан.

Соодагерлердин айтымында, соода күркөлөрү алынса 500гө жакын адам жумушсуз калат.

Аталган жайда 7 жылдан бери соода кылган Сайра Эргешова «мэрия кошумча жай таап берип, анан соода күркөлөрү жылдырылса жакшы болот эле» деген пикирин билдирди.

«Элге жумуш орундары түзүлүшү керек. Алгач завод, фабрика дегендерди куруп, элди жумуш менен камсыздап, анан ушуга окшогон соода күркөлөрүн жылдырып, өздөрү каалаган нерсесин куруп алсын. Бул жерде канчалаган адам жумуш менен камсыз болгон. Ар ким алына жараша банктан насыяга акча алышкан. Эгер бул жай көчүрүлө турган болсо эл жумушсуз калып, банктан алган акчаларын кантип төлөйт. Менин бул жайда иштеп жатканыма 7 жыл болду. Албетте мен да ушул жайдан акча таап, күн көрөм», - деген Эргешова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×