Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Ош облусу, Ош 09.01.2019 18:33

Маалымат жыйын: Сулайман-Тоонун жашыл аймагына үй курууга уруксат берилгенби? (видео)

Turmush -  Бүгүн, 9-январь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Ош шаарындагы Ленин көчөсүндөгү 351-үйдүн айрым тургундары алар тапкан инвесторго бейөкмөт уюм каршы болуп жаткандыгын айтып чыгышты.

Аталган көп кабаттуу үйдүн жашоочусу Сардалхан Орозматованын айтымында, алар келишмге кол койгон «Эмаком» курулуш компаниясы үйдү эртерээк куруп берсе, түйшүктөрү жеңилдейт.

«Ленин көчөсүндөгү №351 үй 2008-жылы болгон жер титирөөдөн кийин жараксыз абалга келген. Ошол убакта биз университеттин жатаканасында жашаганбыз. Бизге көңүл бурган адам жок. Мындан улам инвесторлор менен кеңеше баштадык. Мэриядан да "силер өзүңөр каалаган инвестор менен сүйлөшө бергиле, ошого биз макулбуз" деп айтышкан болчу. Андыктан бизге көп инвесторлор келип, бирок шарттар туура келбей калды. Жыйынтыгында "Эмаком" компаниясынын шарттары бизге туура келди», - деди ал.

Дагы бир жашоочу Салтанат Алимбекова инвесторлорго мүмкүнчүлүк берүү керектигин белгиледи.

«Мурунку мэр да инсвесторлор менен сүйлөшүү керектигин айткан. Биз абдан кыйналып турган учурда аталган комания шарттарга көнүп, үй куруп берүүнү убадалады», - деди Алимбекова.

«Эмаком» курулуш компаниясынын юристи Сүйүн Турусбек уулу төмөндөгүлөргө токтолду.

«Ленин көчөсүндөгү №351 үй жараксыз деп табылыптыр. Үйдө жалпы 100дөй жашоочу бар. Биздин компаниянын бул жерде кызыкчылыгы деле жок. Болгону Сулайман-Тоонун буффердик зонасына туура келет экен. Азырынча канча кабат үй куруу керек экени тууралуу эреже жок. Биз бул үйдү бузууга уруксат алганбыз», - деди ал.

2009-жылы Сулайман-Тоо тоосу ЮНЕСКОго киргенде бир катар талаптар коюлган. Ал талап боюнча жашыл зонага үч кабаттан ашкан имарат курууга болбойт. Сулайман-Тоонун чыгыш жагынан Ак-Буура дарыясына чейин, түштүк тарабынан Рыспай Абдыкадыров көчөсүнө чейин, түндүк тарабынан Керме-Тоо аймагы буффердик зона болуп эсептелет.

Бирок былтыркы жылдын акыркы кварталында аталган компания эски үйдү бузуп баштаган. Жергиликтүү бийлик, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалык, Экотехинспекция, Маданият министрилиги эскертүү беришкенин, бирок уруксат берилбегенин айтып чыгышты.

Ал эми «Сулайман-Тоо» улуттук-тарыхый архитектуралык музейинин директорунун орун басары Хайрулло Убайдуллаев компанияга эскертүү берилгенин жана тиешелүү органдарга кат жолдонгонун билдирди.

«Фирманын жетекчилиги үйдү баштарда бизге жолуккан. Ал жерге эки кабаттан ашкан имарат салууга мүмкүн эмес экенин айтканбыз. Былтыр ЮНЕСКОнун жетекчилиги келгенде тоонун көрүнүшүн тостурбагыла деп эскерткен. Экотехинспекцияга, тиешелүү органдарга кат аркылуу кайрылдык. Бирок биз маданият министри уруксат берип-бербегенин так айта албайбыз. 31-декабрга чейин эскертүү катын жиберип, жерине барып да эскерткенбиз. Ага карабай курулуш иштери кызуу жүрдү. Программасында канча кабат үй курулары бизге белгисиз», - деди Хайрулло Убайдуллаев.

Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыктын басма сөз катчысы Адыл Акжол уулунун айтымында, курулуш компаниясынын жетекчилиги эч кандай уруксат алган эмес.

«Курулуш компания жергиликтүү тургундардын гана макулдугун алып, курулушту баштап жиберген. Ишкананын жетекчилиги тарабынан компанияга 7 пункттан турган талаптарды жиберген. Бирок бир да документ алынып келинген эмес. Маданият министрлигине да кат жолдонгон, бирок азырынча жооп келе элек. Уруксат албаса мыйзамсыз болуп эсептелип, биздин кайрылуубуздун негизинде маданият министри прокуратурага кайрылат», - деп билдирди Адыл Акжол уулу.

Ош шаардык экологиялык-техникалык инспециянын директорунун орун басары Талант Эшбаев: «Курулуш иштери боюнча жаңы кодексте чара көрүү мүмкүнчүлүгүбүз алынып салынган. Учурда Мамэкотехинспекция ушул кодексттер боюнча өкмөткө кайрадан кайрылуу жиберди. Буга чейинки мыйзам боюнча мыйзамсыз курулуштарга 454-берененин негизинде 200 миң сом айып пул жана баштапкы абалга келтирүү чарасын колдонмокпуз. Азыр мыйзамсыз курулуштар боюнча жергиликтүү бийлик менен архитектура башкармалыгы иш алып барат», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.45% (107)
«Банк Компаньон»
18.63% (38)
«РСК Банк»
11.76% (24)
...
Всего голосов: 204
×