Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Ош 09.01.2019 14:06

«Ош-Тазалык» ишканасынын имараты оңдолуп, жаңы техникалар алынат

Turmush -  «Ош-Тазалык» ишканасына техника сатып алуу үчүн 1 млн 900 миң евро бөлүнөт. Учурда ишканага 20га жакын техника сатып алуу пландалып жатат. Ал эми каражатты Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы бөлүп берет.

Шаардагы активисттердин айтымында, техникаларды алмаштыруу маселеси курч бойдон турганда ишкананын имаратын оңдоонун зарылчылыгы жок. Буга чейин ишкананы Талант Капаров жетектеген учурда имараттын чириген полдору, эшик-терезелери оңдолгон. Ал эми ишкананын учурдагы жетекчиси Нурбек Исмаилов имарат дале болсо оңдоого муктаж экенин билдирди.

«Ишкананын бөлмөлөрү көп убакыттан бери оңдоодон өтпөптүр, каалгаларын да алмаштыруу керек. Оңдоо иштерине ишкананын бюджетинен 250 миң сом бөлүнгөн. Эми сатып алуу порталы тендер жарыялайт. Тендерди утуп алган компания иш алып барат. Бирок биз алардын акысын дароо бере албайбыз. Бөлүп төлөө жолу менен кутулууну пландап жатабыз», - деди Исмаилов.

Айрым маалымат каражаттары сатып алуу порталына шилтеме берүү менен оңдоо иштери тендерсиз эле башталарын жазган.

Ишкана өзүн-өзү каржылайт. Мекеме жыл сайын мэриядан 36 млн сом субсидия алат. Ишкананын мурунку жетекчиси мэрия тарабынан бериле турган акчадан баш тарткан эле. Ал эми учурдагы жетекчи Нурбек Исмаилов мекеме мэриядан субсидия албаса, кызматкерлердин эмгек акысын төлөө кыйын экенин айткан болчу.

Учурда ишкананын балансында 57 техника болсо, анын ичинен 30 техника гана туруктуу иштейт. Ишкананын жалпы 200 миң абоненти жана 470 кызматкери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×