Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Ош облусу, Ош 09.01.2019 09:47 На русском

Алтын буюмдарын сатып, ижарага батир алган: Ошто дайынсыз жоголгон жаш келин табылды

Turmush -  Ош шаарында дайынсыз жоголуп, изделип жаткан 18 жаштагы Матлюба Икрамова 4-январь күнү шаардагы батирлердин биринен табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, келин тойдон түшкөн алтын жасалгаларды сатып, анын акчасына ижарага батир алган. Ал күйөөсү менен тил табыша албай, үйдөн чыгып кеткенин айткан. Издөө иштерин ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы жүргүзүп, М.Икрамованы табылган күнү эле өзүнүн апасы жана күйөөсү алып кетишкен.

Айрым маалыматтар боюнча, Матлюба Икрамова батирде курбусу менен чогуу жашап жаткан. Ал табылган күнү чоң апасы каза болду.

596296.cf6d4ea24f5757eaf6446e721d7a63c3

Буга чейин 24-декабрда анын күйөөсү аялынын жоголгону тууралуу арыз менен милицияга кайрылганы маалымдалган.

22-декабрда Матлюба Икрамова күйөөсүнүн үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барган эмес. Ал 14-сентябрда 18 жашка толуп, 6-октябрда турмуш жолуна аттанган.

«Телегейибиз тегиз эле, эмнеге үйдөн чыгып кеткенин билбейбиз», - деп билдиришкен келиндин кайын журту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×